Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы Шалтаева Айнек апа атындагы борбордук ооруканын Ковид-19 илдетинин 4-толкунуна карата даярдыктары канааттандырарлык. Бул тууралуу башкы дарыгер Замир Эсенгулов төмөнкүлөргө токтолду.
«Азыркы кырдаалда пандемиянын 4-толкуну болот же болбойт деп айтуу кыйын. Оорунун түрлөрү абдан көп, алардын алдын алуу үчүн ар бир адам атайын алгоритмдерди аткаруу керек. Коронавирус оорусунун алдын алуунун эң биринчи жолу — бул эмдөөдөн өтүү. Адамдар канчалык деңгээлде санитардык-гигиеналык режимдерди сактап жатса да, кайсы бир учурда оору баары бир жугуп калышы мүмкүн. Эмдөөдөн өткөндөр деле оорууну жуктуруп алат, бирок жеңил өткөрүшөт же иммундук системасы жогору болсо, оору байкалбай калышы да ыктымал. Күн сууктап калгандыктан, азыркы учурда сасык тумоо аябай көп болуп жатат. Айыл ичинде сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөндөр да бар. Кандай гана учур болбосун медициналык кызматкерлер дайыма даяр турабыз»,- дейт башкы дарыгер Замир Эсенгулов.
Дарыгер оорулууларды кабыл алуу учуру
Оорукананын күндүзгү стационарында бейтаптар тамчылатуу аркылуу дарыларын ала алышат. Ооруканада 6 кычкылтек концентратору иштейт.
Күндүзгү стационарда атайын аба тазалоочу аппарат дайыма иштеп турат
Ооруканага дайыма дарылар мамлекет тарабынан жана айыл элинин демөөрчүлүгү менен алынып келинет
Акылай Алмазбекова