Быйылкы жылда Covid-19 пандемиясынын оор кырдаалына карабастан, көптөгөн кызыктуу спорттук иш-чаралар болуп өтүүдө.
Кызыл-Туу айылынын спортсмендери
Сокулук районунун Кызыл — Туу айылындагы футбол боюнча курама командасы КР Президентинин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Тентишевден 31-август — Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган, Кант шаарында өтө турган губернатордун кубогуна катышып 3 — орунга чыгып акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Тренер Нагира Сарбашова
Ошондой эле жай айларында Кызыл – Туу айылынын жигиттери Ысык – Көл облусуна караштуу Чолпон – Ата шаарында өткөн Дүйнө Чемпионаты Грэпплинг жана ММА- Эрежесиз уруш таймашына барып, кыргыздын желегин дүйнөлүк деңгээлде желбиретип, байгелүү орундар менен кайтышты.
Спорт менен мектеп окуучулары Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими спорт жагынан чон- чон ийгиликтерге жетишкен чемпион Нагира Сарбашованын тынымсыз машыгуусунун натыйжасында окуучулар мектепке байгелуу орундарга ээ болуп жатышат.
Ал эми айыл ичинде күз мезгили келээри менен көк бөрү оюну байма бай өтүп турат. Айылдын жаш балдары тарабынан уюштурулуп бул спорттун түрү жума сайын өтүлөт. Кызыл — Туу айылынын атайын түзүлгөн курама командасы да бар. Пандемияга карабай көпчүлүк спорттун түрү айыл ичинде тынымсыз өткөрүлүүдө.
Нурзат Момуналиева