Казарман айылындагы Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун боюнда кеңири масштабдагы санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чарасы уюштурулууда

Аталган саамалык «Кыргызстан жаштар кыймылы» коомдук бирикмеси жана Тогуз-Торо жаштар кеңеши менен биргеликте ишке ашырылып жатат. Тазалоо иштери эстакадалык көпүрөдөн башталып, Тагай участогунун үстүндө жайгашкан Осмон датка эстелигине чейинки тилкени камтууда. Экологиялык акцияга 60тан ашык жигердүү жаштар, ошондой эле райондогу мекеме-ишканаларда эмгектенген 35 жашка чейинки жаш кызматкерлер активдүү катышууда. Учурда иш-чара абдан жогорку деңгээлде, уюшкандыкта жана көтөрүңкү маанайда өтүп жатат.

Транспорт каражаттары үзгүлтүксүз каттаган унаа жолунун жээгинде катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында тиешелүү кызматтар тарабынан жол кыймылы көзөмөлгө алынып, бардык коопсуздук чаралары толук сакталууда.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева