Кочкор районундагы Корчубек Акназаров орто мектебинин, спорт зал оюн аянтчасынын терезеси жаңыланды. Мектептин терезеси эски болгондуктан 200миң сомдун тегерегинде каражат жумшалган.
Спорт залдын терезеси чоң болгондуктан көп каражаттагы сумма жумшалган. Анын 180 миң сому даана терезеге кетсе, калган 20миң сому майда керектөөлөрүнө жумшалган. Бул мектептин терезесин алмаштырууга жаштардын салымы чоң. Анткени 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчү жаштар келген сайын өзүнүн айылына чоң пайдасын тийгизет.
Кум-Дөбө айылынын Ормон аттуу тургуну терезенин ремонтуна салым кошкон. Буга мугалимдер ыраазычылыгын билдирүүдө, анткени, мурунку терезеден шамал, кум кирип, дене тарбия сабагын өтүүгө ыңгайсыз болгон.
“Азыркы бүтүрүүчү жаштарга айтарым, ушул эле айылда чоңоюп, ушул эле мектепти бүтүргөндөн кийин айылга мектепке жетишпеген нерселерди жасап берүү керек. Дагы айта кетчү нерсе, Кочкор жаштар уюму деп былтыртан баштап түзүлгөн. Бул уюм ар бир айылда бар болчу, бирок Кочкордо баары биригип район боюнча ишти баштаганбыз.
Сильвара Төлөбекова, Айзана Шарыпбекова