Ак-Талаа районундагы Бакый Мусуралиева атындагы орто мектебинде 1-класстын жана 4-класстын жөндөмдүү окуучулары менен биргеликте «Жакшы окуп келечекке умтулабыз! » аталышында сынак сабак өткөрүлдү.
Мектептин мугалими Тураркан Жапарованын айтканына караганда мындай сынак сабактар дайыма өтүлүп турат.
«Анткени башталгыч класста окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү, аларды топ менен иштөөгө жана каталарын табууга үйрөтүүгө адаттан тышкаркы сабактар көмөкчү болот»,-дейт.
Сабак сынакта балдар эсеп чыгаруу менен пазл куроо, сүрөттөрдөгү айырмаларды табуу жана эсептөө, «Кенгуру» маселелерди чыгаруу сыяктуу тапшырмаларды аткарышты.
Аксана Жусупова