Пандемия балдарга, ата -энелерге жана мугалимдерге көп кыйынчылыктарды жаратып, ошону менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да алып келди. Пандемиянын терс жана оң жактары менен Капар Кыдыралиев орто мектебинин мугалимдери өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп кетишти.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Жанат Токушева
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Жанат Токушева пандемиянын оң жана терс жактары жөнүндө сөз кылды: «Пандемиядан кийин мектеп окуучулары үчүн эң биринчиден бул өз алдынча изденүүгө үйрөнүштү, азыркы ааламдашуу доорунда бардыгы санарип болгон учурда, замандын агымы менен өсүүнү талап кылууга турган кезде, биздин окуучулар Фейсбук, Телеграмм, Зум сыяктуу ар түрдүү платформаларды өздөштүрүп, ошону менен бирге балдарыбыз көп учурда тазалыкты биринчи орунга койгонду калыптандырып алышты десек болот. Заман талабына ылайык көп керектүү нерселерди үйрөнүп алганга аракет кылышты. Ошону менен терс жактарына токтолуп кетсем, бул начар окуган балдар үчүн мугалимсиз сабакты өздөштүрүү кыйынга турду. Балдар жалкоолукка көнуштү, туура окуу, жазуу деген артта калды. Айрым учурларда интернеттеги оюндарга азгырылып, билим алууда көп тоскоолдук жаратты. Интернеттеги даяр материалдарды пайдаланып, китеп окуу өз деңгээлинде болбой, көптөгөн окуучулар адабий чыгармаларды окубай калышты. Жыйынтыгында, биз офлайн окутуу эффективдүү экенин түшүндүк.
Тарых мугалими Гүлнара Жунушалиева
Тарых мугалими Гүлнара Жунушалиева өзүнүн жеке оюн айтып кетти:
«Окуу өздөштүрүү пандемиядан кийин азыркы учурда начар болуп жатканын көрүп жатабыз. Эң негизгиси бул балдардын коомдон бөлүнүп калганын байкадым, баарлашуу жок, бир- бирине жакындык жок, коомдо, айлана чөйрөдө эмне болуп жатканына кайдыгер болуп калганына кабатыр болуп жатам».
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлмейиз Шакулова
Ошол эле мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гулмейиз Шакулова жана ошону менен бирге ата-эне катары кеп курду:
«2020-жыл баардыгын өзгөрткөн жылдардан болуп эсте калды. Пандемия жашообузду, билимибизди, эмгегибизди өзгөрттү десем жаңылышпайм. Келечек муундарга чоң таасир тийгизип, биз чоң коркунучта турабыз. Өзгөчө билим берүү тармагына чоң тоскоол жаратты. Ата- эне, мугалим катары баа бердим, балдардын эс- тутумунун начарлашы, сабакка кызыгуусу жоголгону. Эң негизгиси бул балдарыбыздын ден соолугу начарлап, көптөгөн ооруларга туруштук бере албай калганы».
Рысбек кызы Керез