Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылы 2021-жылдан баштап туристтерге маданий мурастарды тааныштыруу максатында «Маданий айыл» (Cultural Village) статусун алган. Бул иш Корея мамлекетинин долбоору аркылуу ишке ашкан.
Кененирээк маалыматты аталган долбоордун жана «Чебер колдор» коомдук уюмунун жетекчиси Тоюнбүбү Аманова айтып берди.
«Кийинки мезгилдерде туристтер маданий мурас менен таанышуу максатында, Таш-Рабатка Ача-Кайыңды айылы аркылуу өтүшөт. Негизи эле туристтер жайлоо туризмине, биздин байыркы мурастарга абдан кызыгышат. «Чебер колдор» коомдук бирикмеси Корея мамлекети менен кызматташып, долбоордун негизинде айылга «маданий» статусун берүүнү ишке ашырдык.
Ал үчүн 7 үйдө туристтер үчүн бардык шарттар түзүлгөн үйдү даярдадык. Бул конок тосчу үйлөрдүн өзгөчөлүгү- келген туристтерге шырдак жасоо жанан башка кол өнөрчүлүктөр боюнча мастер класс өткөрүп беришет.
Биздин айыл Таш-Рабатка барчу жолдо болгондуктан туристтер үчүн дагы ыңгайлуу. Биз бул долбоор аркылуу шырдак жасоону маданий мурас катары башка элдерге тааныткыбыз келет. Ача-Кайыңды айылы туристтер үчүн түзүлгөн маршруттук картага киргизилип, «Маданий айыл» статусун алды.
Биз бул долбоорду пандемия учуруна карабастан ишке ашырдык. Ал эми азыркы учурда туристтер пандемияга байланыштуу келбей калып, токтоп турат. Бирок, буюрса туристтер көп келе баштаса эле, жакшы жыйынтык берет деп ишенебиз жана айылдын өнүгүүсүнө салымыбызды кошобуз деген ойдобуз».
Асел Үркүнбаева