Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектебине бекер УЗИ аппараты менен келип окуучулар менен мугалимдердин ден соолугун текшерүүдөн өткөрдү.
Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров орто мектебине 2022-жылдын 27-январында УЗИ аппараты келип, окуучуларды жана мектеп кызматкерлерди текшерүүдөн өткөрүштү. НПО «Каунтерпарт Шериктештен» УЗИ аппараты менен врач Нурдин Сатаров текшерүүдөн өткөрдү.
Чолпон айылынын жаштары Жакып Бейшеналиев жана Майрамбек Казиевдин демөөрчүлүгү менен окуучуларды бекер медициналык УЗИден текшерүү иши жүргүзүлдү. Окуучулар жана мектеп кызматкерлери ыраазычылыктарын билдиришти.
УЗИге окуучуларды тартып аткан учуру
Айчүрөк Сапаркулова, Кусейин Марат уулу