Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайын айылындагы Узакбай атындагы сейил бакта балдар үчүн оюн аянты ачылды.

Гүлмайрам Учугенова (солдон экинчи) айылдын демилгелүү жаштарына ыраазычылык билдирүүдө

Сейил бактагы оюн аянтына келген жеткинчектер

Оюн аянтында балдар ойноо үчүн ар кандай селкинчек, муз, шаты орнотулган

Сейил бактагы оюн аянты элдин маданияттуу эс алуусуна өбөлгө
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын маалыматына караганда оюн аянты 341мин сомго жасалды. Ал эми бул каражатка айылдын жаштары демөөрчүлүк кылышкан. Жаштардын лидери Камчыбек Төлөпалды уулу курулуш иштерине өзү дагы көмөктөштү.
«Бала бакчага барууга кезеги жетпей, бара албай жаткан жеткинчектер үчүн абдан сонун болду. Ошондой эле, балдардын бош убактыларын ден-соолукка пайдалуу өткөрүүгө, элдин маданияттуу эс алуусун уюштурууга абдан чоң жардам болду»,- дейт айыл өкмөт башчы Г.Учугенова.
Сүрөт: Жайлоого өтчү жолдор оңдолууда
Наргиза Ырысбекова