COVID-19 пандемиясына карабай, Талас облусундагы камсыздандыруу уюмунан турак-жайларын камсыздандырган жарандардын табигый кырсыкка кабылган турак-жайларын калыбына келтирүү үчүн төлөмдөр төлөнүүдө. Жашаган турак жайларын камсыздандыруу боюнча облус боюнча Талас району алдыда.
«Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылынын тургуну Манас Табалдиев 5 жылдан бери өзүнүн үйүн милдеттүү түрдө камсыздандырып турат. 2021-жылдын февраль айында катуу шамал болуп, үйүнүн чатырынын жартысын шамал учуруп, жараксыз абалга келген. Мамлекеттик камсыздандыруу кызматынын Талас облусундагы филиалынан 450 миң сом өлчөмүндө акча берилди.
— Үйдүн чатырын шамал учуруп, үй ээсине ири чыгаша келтирген. Манас Табалдиев 5 жылдан бери үйүн камсыздандырып келгендиктен, камсыздандыруу кызматы тарабынан 450 миң сом төлөндү. Бул акча жашаган үй үчүн гана төлөнөт, кароо-сарай жана башкаларга төлөнбөйт. Себеби үй гана камсыздандырылды да, кароо-сарайлар үчүн өзүнчө камсыздандыруу болушу керек. Ушуну туура түшүнүү зарыл», -деп билдирди мамлекеттик камсыздандыруу кызматынын Талас облусундагы филиалынын башчысы Канай Токтогазиев.
Акыркы кезде камсыздандыруунун маанисин көпчүлүк эл түшүнө баштады. Мисалга алсак, Миң-Булак айылынын дагы бир тургуну Бакытбек Жаныбеков 5000 сомго автоунаасын камсыздандырып койгон. Кокусунан болгон кырсыктан кийин автоунаасы үчүн 18800 сомдук жардам алды.
Үйлөрүн камсыздандырган жарандар табигый кырсыктарга дуушар болушса шаардыктар үчүн 1 миллион, айыл тургундары үчүн 500 миң сомго чейин төлөнөт.
Талас: Пандустар жоктугу чоң көйгөй
Мира Сейдикеримова