2021-жылдын 11-апрелинде Ак-Талаа районундагы 12 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Эмгек акы төлөнбөсө дагы 274 талапкер мандат алууга кызыкдар болгон. Эмне үчүн? Бул суроого Баетов айылындагы “Жаштар курулуш” кичи ишканасынын жетекчиси Азамат Аскарбеков мындай жооп айтты.

Азамат Аскарбеков «Жаштар курулуш» кичи ишканасынын жетекчиси
“Ар кандай багытта алып караса болот. Ар ким кызыкчылыгына, дараментине жараша барышат. Кээ бири чынында айылдын өнүгүүсүнө салым кошуу ниетинде баргандар бар. Авторитет кылуу, статусун көтөрүү үчүн баргандар. Тажрыйба топтоо үчүн барууга аракеттенген,өзүн өзү өнүктүрүүнү каалаган жаштар дагы бар.
Ал эми Баетов айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин 6-7-чакырылышынын депутаты Чолпон Акматбекова элдин ишеничин эч кандай акы менен эсептөөгө болбойт дейт:

Чолпон Акматбекова Баетов айылдык кеңешинин 2 жолку депутаты
“ Ооба жергиликтүү кеңештин депутаттары эмгек акы албай, 4 жыл бекер иштейбиз. Бирок ар бир адам кичи мекенине кызмат кылгысы келет. Ошол сыяктуу мени дагы эли-жеримдин кубаныч-кайгысы, өксүгү менен жетишкендиги, көйгөйлөрү кайдыгер калтырбайт. Бир аз болсо да элимдин көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошоюн деген максатта депутат болуп келдим. Элге жасачу эмгекти акча менен баалоого болбойт. Элден алганды элге бериш керек”.
ЖКнын депутаттарынын эмгек акысы расмий эмес маалыматтарга ылайык, бир айлык оклад 25500 сомдон башталат. Иш тажрыйбасына, чинине жараша кошулат. Бир депутат 40 миң сомдун тегерегинде маяна, башка чыгымдары үчүн 40 миң сом, он үчүнчү айлык жана башка ар кандай кошумча каражаттарды алат.
Ал эми жергиликтүү кеңештин депутатынын эмгек акысы тууралуу мыйзамда кандай белгиленген? Бул тууралуу КРнын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун эксперти Замир Ыманкалыев мындай деди:

Замир Ыманкалыев КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун эксперти
“КРнын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамынын 4-беренесине ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарын өндурүштөн же кызматтык ишинен кол үзбөй ишке ашыра алат. Ал эми төрагалар калктын санына жараша жылына бир жолу компенсация алат. Ал эми сессия өткөрүүгө, уюштуруу иштери үчүн каражатка айыл өкмөтү жооптуу”.
Эгерде мыйзам бул кызматты же ишти депутаттык иш менен айкалыштырууга жол берсе, жергиликтүү кеңештин депутаты өзү жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланганга чейин ээлеген кызматында иштөөнү улантуу менен, өзүнүн депутаттык ишмердигин коомдук башталышта жүзөгө ашырат .
Бул учурда депутат өзүнүн негизги кесипкөйлүк ишинен эмгек акы алат, сессия өткөрүлгөн учурда иш берүүчү депутаттын эмгек акысын сактоо менен иш ордун убактылуу калтырууга мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Барчын Мамытбекова