Жакында Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын жашоочулары Баткен-Тажик кагылышуусунда жабыркаган үй-бүлөлөргө 60 миң сом акчалай жардам беришкен.
Айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын маалыматына караганда Лейлек районунун Кулунду айылынын айыл өкмөт башчысы Кудайберген Тажибаев менен жардамдарды даректүү жеткирүү боюнча байланышкан.
Кулунду айылында жардамдарды берүү учуру
«Биздин айылдын эли эки жолу демилге кылышып, жыйын өткөрүшүп, жалпы 106миң 500 сом каражат чогулган. Каражат «Кулунду» кайрымдуулук фондуна которулган. Берилген жардамдар өз дарегине жеткенинен кабар алдык»,- дейт Г.Учугенова.
“Баткенге жардам” аттуу акция өткөрүлдү
Барчын Мамытбекова