Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде салт болуп калгандай 11-класстын окуучулары арасында “Зарница” аскердик оюну өткөрүлүп, ага Афган согушунун ардагерлери, аскер комиссариаты, укук коргоо органдарынын, прокуратура кызматкерлери жана мугалимдер жамааты, ата-энелер катышты.
Берилген жобого ылайык окуучулар саптык курам, аскер ыры, өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер, өзүн-өзү коргонуу, автоматты чачуу жана жыйноо, биринчи медициналык жардам ж.б тапшырмаларды аткарышты. Автоматтын огун магазинге салуу, автоматты чачуу жыйноо тапшырмаларын аткарууда кыздар, ал эми гира көтөрүү, кол күрөштө балдар мыкты даярдыктарын көрсөтүштү.
Мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Шаршенбек Мурзабековдун айтымында бул оюн жыл сайын салт катары 15-февраль Советтик жоокерлердин Афган жергесинен чыгарылган күндүн урматына жана 23-февраль Куралдуу Күчтөрдүн күнүн карата өтүлүп келет.
Оюндун соңунда калыстардын берген баасына ылайык 11а-классынын “Шумкар” командасы жеңишке ээ болсо, “Легион” командасы 2-орунду жеңип алды. “Скорпион” командасы айрым тапшырмаларды талапка ылайык аткарбагандыктан 3-орунду камсыздады. Оюндун жүрүшүндө тапшырмаларды туура, так аткарган команда мүчөлөрүнө дипломдор тапшырылды.
Барчын Мамытбекова