Жаз мезгилинин келиши менен курулуш материалдарынын баалары да кымбаттайт. Анын бирден- бир себеби курулуш иштери жанданып, аларга болгон суроо-талап да жогорулайт. Жергиликтүү тургундардын айтуусу боюнча үй салуу жылдан жылга кыйын болууда.
Кара-Күңгөй айылынын тургуну Иляс Өмүракунов
Ал эми Кара-Күңгөй айылынын тургуну Илястын куруп жаткан үйү азырынча токтоп турат. Анын бирден-бир себеби курулуш материалдарынын баасынын кескин өсүп кетиши. Үйдү салып баштаганына эки жыл болду. Алгач үйдү салып баштаганда курулуш материалдары кыйла эле арзан болчу. Мисалы, бир мүшөк цементтин баасы эки жыл мурун 280 сом болсо, азыр анын баасы 400 сомго чыкты. Бардык эле материалдарга 100-200 сомдон 1000 сомго чейин кошулду. Материал арзаныраак болсо үйүмдү тезирээк бүтүрүп алсам дейт Иляс.
Кочкор районундагы дүкөндөрдөгү айрым курулуш материалдарынын баасы
Бакыт Кожокматов