Кочкор айылында «Мугалим − улут келечеги» долбоорунун алкагында кыздар жана аялдар үчүн жаңы фитнес борбор ачылды.
Ачылыш аземине жергиликтүү тургундар, долбоордун катышуучулары, жергиликтүү орто мектептердин мугалимдери, аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ч. М. Табылдиева, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М. Исраилов, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Ч. Белеков катышты.
Фитнес борборунун максаты — психологиялык жардам көрсөтүү, мугалимдердин потенциалын жогорулатуу жана алардын психикалык жана физикалык ден соолугун чыңдоо.
Борбор- аялдар чогулуп, моралдык-психологиялык кысымга туруштук берүү боюнча консультацияларды, медитация жана йога боюнча сессияларды, эмоционалдык чарчоо боюнча тренингдерди өткөрө турган аянтча болмокчу. Ичинде спорттук шаймандар, тренажерлор жана топтор бар.
«Мен туура тамактануу боюнча долбоорго катышып жатканда айылдаштарымдын үйлөрүнө барып, аялдар менен сүйлөшүп, зордук-зомбулук окуяларын угуп, күбө дагы болчумун. Бул адилетсиздик жана теңсиздик менен күрөшүүгө түрттү. Ошентип, социалдык инновациялык демилгени ишке ашыруу идеясы келип, «Жакшы ниет» долбоорунун питчингинде мен грант жеңип алдым. Бүгүн биз аялдар үчүн борбор ачтык жана анын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча мындан ары да иштейбиз», — дейт долбоордун координатору Дамира Бейшеева.
«Мугалим − улут келечеги» долбоору Европа Биримдиги менен БУУнун Кыргызстандагы «Теңдик нуру» биргелешкен демилгесинин алкагында «Өлкөнүн келечеги» Коомдук фондунун «Жакшы ниет» долбоору менен өнөктөштүктө «Демилгелуу жаштар» Коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, гендердик зомбулукту жоюу боюнча «Теңдик нуру» глобалдык демилгеси гендердик теңчиликти сактоого жана максаттуу инвестициялар аркылуу аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Программа Европа Биримдиги менен БУУнун Кыргызстандагы «Теңдик нуру» биргелешкен демилгеси менен ишке ашырылууда.
«Өлкөнүн келечеги» коомдук фонду аялдарга жана балдарга татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуу, жаман мамиледен жана кайдыгерликтен коргоо, кам көрүүдө жана билим берүүдө тең укуктуулук, ар бир аялдын толук кандуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү, ал эми баланын бактылуу балалыгы жана татыктуу келечеги, толук өсүү, өнүгүү жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү үчүн программаларды ишке ашырат.