Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде шабдаалы жана алма бактын “Ред делишес” “Старкримсон” сортундагы көчөттөрү отургузулду.
Көчөтүн отургузууну мектептин ардагер мугалимдери жакшы тилек, бата менен баштап беришти.
Андан соң жалпы мугалимдер жана окуучулар жамааты 25 түп шабдаалы, 130 түп алма көчөтүн отургузушту.
Мектеп директору Астра Токтогулова:
“Көчөттөр Эл аралык долбоор аркылуу алынып келинди. Буюрса тамчылатма сугаруу ыкмасы менен багылат. Жакын арада бардык көрсөтмөсү менен сугаруу орнотулат”,- дейт.
Ал эми билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында былтыр эки мектепке тигилген. Алар жакшы карап, өстүрүп алгандыктан, быйыл 6 мектепти да эл аралык долбоорго киргиздик. Былтыр райондогу эки мектепти эл аралык долбоорго пилоттук катары киргизгенбиз. Алар абдан жакшы өстүрүп алышты. Ошол себептүү быйыл 6 мектепти коштук”.
Акталаада кыз-келиндер арасында спорттук оюндар өттү
Наргиза Ырысбекова