Ноокат районунун Куу-Майдан айылында «Шайлоо өнөктүгүндөгү медиа сабаттуулук» аталышындагы семинар болуп өттү. Ага айыл тургундары катышып, медиа сабаттуулук, фейк маалыматтар жана шайлоо, Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча маалымат алышты.

Куу-Майдан айылында «Шайлоо өнөктүгүндөгү медиа сабаттуулук» аталышындагы семинар болду
Иш-чара Кеңеш Нуру жамааттык мультимедиа борбору тарабынан уюштурулуп, ага 50дөн ашуун айыл тургундары катышты.
Семинарда фейк маалыматтарды аныктоонун жолдору, сынчыл ой жүгүртүү, медиа сабаттуулук, социалдык тармактар, шайлоо жана сунушталып жаткан Конституциянын жаңы редакциясы талкууга алынды.
Аталган семинардын катышуучулары, Баш мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча өз ойлору менен төмөнкүдөй бөлүшүштү:

Кишимжан Жолдошова
Кишимжан Жолдошова: «Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү окуп чыктым, эң негизги өзгөчөлүгү бул — президенттик башкаруу болгондугу. Мурда бир нерсе болсо аны эч ким мойнуна албай, жоопкер адам жок болчу. Эми Конституциянын жаңы редакциясында президент бардык жоопкерчиликти өз мойнуна ала турган болуп өзгөрүптүр. Мүмкүн болсо депутаттарды 50гө кыскартып койсо жакшы болмок… «

Кожон Абдразаков
Кожон Абдразаков: “Депутаттардын кыскарышы бюджетке жакшы пайдасын тийгизет деп ойлойм. Дагы айта кетчү нерсе бул депутаттыка талапкерлердин жашын 25ке көтөргөнү өтө жакшы. Анткени мурда эч нерсени биле элек, окууну да бүтө элек эле жаш балдар өзүнүн талапкерлигин коюп келишкен”.

Гүлзат Сапарбек кызы
Гүлзат Сапарбек кызы: “Жаңы сунушталган Конституцияда бир адамдын 2 жолу президент болгонуна мүмкүнчүлүк берилгени жакшы болуптур. Көрүп келе жатабыз, 6 жылда президент эми такшалып, тажрыйба алганда мөөнөтү бүтүп кетип калат экен. Ал эми жаңы өлкө башчысы болуп келген адам дагы үйрөнгүчө кыйла убакыт кетет. Өсүп — өнүгүү да артта калат”.

Кеңешбек Асамидинов, Куу-Майдан айылынын айыл башчысы
Кеңешбек Асамидинов, Куу-Майдан айылынын айыл башчысы: «Бул Конституциянын жаңы редакциясындагы мага жакканы президенттик башкаруу. Себеби дегенде буга чейин билебиз парламенттик президенттик башкаруу болгондо эч ким жоопкерчиликти моюнга алгысы келбейт эле. Бул президенттик башкаруу системасынан кийин бардык жоопкерчилик президентке жүктөлөт. Жана ошондой эле депутаттардын санынын кыскарганы да элдин пайдасына чечилди деп ойлойм. Анткени, азыр учурда 30 адамдын айлыгы деле биздин мамлекеттин экономикасына колдоо болот. Президент экинчи жолу шайлоого баруусу дагы менимче туура. Себеби, эки жыл иштеп эми жөнгө сала баштаганда кайра эле башка президент келип мамлекетибизда ошондон өнүкпөй жатат деп ойлойм.»
Баш мыйзамдын өзгөрүүсү – өнүгүү үчүнбү?
Маалыматты иргөө муктаждыгы жаралды
Касиет Кубанычбек кызы