Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында пандемия учурунда илдетке каршы турууда айыл тургундары көптөгөн жардамдарды беришти. Алардын арасында айылдык жаштар уюму, жаш курагы бирдей айыл тургундары, медайымдар, мугалимдер, ишкерлер …
Пандемия шартында Суусамыр айылдык ооруканасына жардам көрсөтүү максатында Суусамыр элинин ыктыярчыларынын атынан түзүлгөн «Суусамыр элинен жардам» тобу түзүлгн. Топтун аткарган иши, берилген жардамдар тууралуу уюштуруучу топтун жетекчилери түз эфирде маекте …
Тогуз-Торо районунда өрт кырсыгы болуп, Санирабига Бекмамет кызы 5 баласы менен убактылуу жашаган батириндеги эмеректер, балдардын кийимдердин бардыгы өрттөнүп кетти. Учурда жалгыз бой эне жардамга муктаж болууда. Өрт кырсыгы …
Могол айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор 12 улгайган жарандарга, жалгыз бой жана мүмкүнчүлүгү чектелген карыяларга кыш мезгилине карата көмүр менен камсыз кылынды.
Москада эмгектенип жүргөн Кош-Дөбөлүк мекендештер өз айылындагы ооруканага кир жуучу автомат машина алып беришти.
«Биз биргебиз» аттуу акциянын алкагында Базар-Коргон районунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүү улантылууда.
Ысык- Көл облусу боюнча 285 атасы жок балдарга азык- түлүк таратылды. Азык-түлүктүн кымбаттап турган кезинде 25 кг дан ун, 5 литрден суумай жана күрүч, буурчак, рожки, чай, туз, кант азык-түлүктөрүн …
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын №237-токтомуна ылайык Улгайган адамдарды коргоонун күнүн өткөрүүдө, айыл аймагындагы улгайган жана жалгыз бой карыяларга азык-түлүктөр берилип, моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлду.
Айыл өкмөттөгү кризистик абалда турган, жашоо шарты өтө оор Ооган-Талаадагы эки үй- бүлөгө 2020- жылдын эсебинен үй курулуп берилди.
Талас районунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Эрмек Жоробекова жетектеген “Бекнур” реаблитация борбору пандемияга карабай ишин улантып, борборго катталган балдардын ден соолугун чыңдоо иштерин жүргүзүп келишет.
Оору күч алган мезгилде өз айылына жардам көрсөткөн инсандардын саны арбын болду. Түп районунда да оору күч алганда коом түзүлүп, элге жардамдар берилди. Аскат Молдобаев жеке ишкер, курулуш тармагында эмгектенет. …
Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунун кол өнөрчүлүк ийриминин жетекчиси Венера Молдокунова жана шахмат ийриминин жетекчиси Мээрим Кубанычбекова кайрымдуулук иш-чара өткөрүштү. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо катары жарыяланган бир айлык акциянын алкагында …
Могол айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай жардам берилди. Мындай көмөк көрсөтүү 3- декабрь ден- соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата жасалып келет.
Пандемиянын экинчи толкуну Суусамыр айыл аймагында да журдү. Ооруга чалдыккандардын саны да арбыды. Мындай оор кырдаалда ооруканага жардамга келгендерге башкы дарыгер ыраазычылык билдирди.
Жаңы-Жер айылынын Оторов көчөсүндөгү №10 үй толугу менен өрттөнүп кетти. Окуя 3-декабрга караган түнү саат 1-лер чамасында болгон. Өрт кырсыгынан үй-бүлө мүчөлөрү аман калышкан. Кыш мезгилинде үйсүз калган үй-бүлө мүчөлөрү …
Келе жаткан жуманын башында Акталаада мектептерде салттуу окуу башталат. Мындай маалыматты Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтү калктын аз камсыз болгон катмарына айыл өкмөттүн бюджетинен акчалай жардам көрсөттү. Андан сырткары 80 жаштан 90 жаштан ашкан кары- картаңдарга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 60 …
«Катар» кайрымдуулук фондуна «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундунов кайрылуу жасап ошонун негизинде тигүү ишканасы ачылды. Токтоян айылында ачылган ишканада аз камсыз үй- бүлөдөгүлөр, жалгыз бой айымдар иштешет.
Пандемия учурунда муктаж үй- бүлөлөргө көмүр, кийим-кече бекер таратылды. Бул демилге Суусамыр айыл аймагында туулуп -өскөн Сыргак Келдибеков жана “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду менен биргеликте алынып келинген.
Бүгүн Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жаштары тарабынан демилгеленип, ишке ашкан пенсионер Уулкан Ашыралиева апага эки бөлмөлүү турак жай курулуп, пайдаланууга берилди.