Москада эмгектенип жүргөн Кош-Дөбөлүк мекендештер өз айылындагы ооруканага кир жуучу автомат машина алып беришти.
Жеңишкүл Бактыбай кызынын айтканына караганда айылдык ооруканага пандемия учурунда кычкылтек концентратор жана дары-дармектеринен жардам беришкен.
“Пандемиялык кырдаалга байланыштуу азыр айылдарда күндүзгү дарылоочу жайлар иштеп жатпайбы. Ошол себептүү кенже кызматкерлердин түйшүгүн азайтуу максатында Москвадагы айылдаштар ынтымак үчүн ортого чогултулган каражаттан бир аз жардам бердик.
Кир жуучу автоматтан сырткары, Кош-Дөбө айылындагы аз камсыз болгон беш үй-бүлөгө азык-түлүк тапшырдык. Албетте, баарына жардам бере албайбыз, бирок колубуздан келишинче жардам берип турабыз”- дейт Женишкүл Бактыбай кызы.
Кош-Дөбөдөгү мектептин жылуулук системасы алмашылды
Барчын Мамытбекова