Мектеп китепканаларынын иши автоматташтырылат. Мындай иш-аракеттер “Секторду өнүктүрүү: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында жүзөгө ашат. Максаты китепканачылардын ишин жеңилдетүү, өлкө боюнча китептердин базасын түзүү.
“Бул программа аркылуу мектептерге китептер туура бөлүштүрүлөт. Бир мектепте аз кээ биринде жетишсиз болбой окуучулардын санына жараша камсыздалат. Муну менен катар биз китепканачыга көбүрөөк убакытты үнөмдөйлү деп жатабыз. Кол менен кагаз иштерин жасап, отчетторду даярдап абдан көп убактысын коротот. Анын ордуна эми автоматташтырылган программа менен өтө так, ачык жана тез даярдалат. Эми алар окуучуларга көбүрөөк көңүл буруп, ар кандай ийримдерди өткөрүп, жаны келген чыгармалар үстүндө иш-чара уюштуруп, окугандарын талкуулашат. Китепканачы дагы педагог, биз мурда көнүп калгандай ал китеп тапшыргыч аны кайра кабыл алуучу гана эмес.”
Китепкана иштерин автоматташтыруу менен китепканачылардын түйшүгү жеңилдейт. Мисалга алсак, алар бир айда кыла турган ишти андан кыска аралыкта кылып бүтүрүүсүнө шарт түзүлөт. Бүгүнкү күндө аталган долбоорду автоматташтыруу иштерин жүзөгө ашырууда китепканачылар окуудан өтүүдө дейт «Жаңы китеп» мекемесинин жетекчиси Төлөгөн Аматов.
«Долбоордун негизги максаты кагаз түрүндөгү отчетторду автоматташтыруу болуп саналат. Ар бир китепке атайын QR-код басылып, ал QR-кодду окуган сканердин жардамы аркылуу китептин маалыматы компьютерде көрсөтүлөт. Системанын жардамы аркылуу кайсыл мектепте канча китеп бар, канча китеп жетишет, канча китеп жетишпейт? — деген сыяктуу маалыматтарды биз түзө ала алабыз».
Бул программа аркылуу компьютерден маалымат алып окуучуларга кайсы китеп керек болсо, тез тапканга мүмкүнчүлүк ачат. Анткени сайтта бардык китептин маалыматы, саны, буга чейинки китепти алган окуучулардын тизмеси камтылат. Мунун негизинде китептер дагы жоголбойт дешет автоматташтырууну уюштуруучулар.
«Мектептерди жакшыртуу программасы» ишин аяктоодо
Мектепке электрондук китепкана ачылат
Айгерим Кубатбекова, Касиет Кубанычбек кызы