Кочкор районунда 2 мультимедиа борбору ачылып жатат. Ачуу үчүн Чолпон айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын демилгеси менен долбоор жазылып, мультимедиа борборуна керектүү жабдуулар алынып берилди.
Кочкор районундагы Ак-Кыя жана Соң-Көл айыл өкмөттөрүндө мультимедиа борборлорунун ачуу үчүн жабдуулар тапшырылды. Мультимедиа борборлорун ачууга, Өнүктүрүү программасы ООН үч аткаруучу агенттигинин ГЭФ-ПРООН, ЮНЕП жана Дүйнөлүк Банк долбоорунун колдоосу менен ачылды. Долбоор, Кочкор райондук жайыттар ассоциациясынын төрагасы Урмат Өмүрбеков тарабынан жазылган.
Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысы Темирболот Абыкеев:
”Бүгүнкү күндө Ак-Кыя жана Сөң-Көл айыл өкмөттөрүндө мультимедиа борборду ачуу үчүн жабдуулар тапшырылды. Буга чейин Кочкор району боюнча Чолпон айыл өкмөтүндө мультимедиа борбору иш алып барчу. Борбордун жардамы менен бир эле жайыт маселеси эмес, ар тараптуу көйгөйлөр чагылдырылышы керек.
Мисалы, айыл ичинде болуп жаткан иштер, пландар, экологиялык көйгөйлөр чагылдырылып, калкка жеткиликтүү болсо, абдан жакшы жетишкендик болот деген ойдомун. Бул борбордун өзгөчөлүгү мектептин базасында жайгашканы сүйүндүрөт.
Анткени, мектеп базасында мындай шарттар көп жерлерден кезиктирүүгө болбойт. Көбүн эсе ыктыярчылар мектеп окуучулары болгондуктан аларга дагы пайдасы зор. Анткени келечекте алар өзүнүн оюн кенен чагылдырып, идеяларын ишке ашыра алат”.
Соң-Көл жайыт комитетинин төрагасы Мелис Жумалиев төмөнкүлөргө токтолду:
“Мультимедиа тууралуу кабарды мындан 2-3 жыл мурун уккам. Бизде да ушундай борбор ачылса деп максаттарды коюп, Урмат Өмурбеков менен тыгыз байланышта болуп келгенбиз. Мына ал максаттарыбыз дагы ишке ашып олтурат. Борбордун жардамы менен жергиликтүү калкка маалыматтарды өз убагында жеткирип туруу максатыбыз. Борбордун окуучулар үчүн дагы пайдасы чоң болот десем жаңылышпайм. Анткени, азыртадан эл менен баарлашып, элге аралашып жүрсө, окуучунун аң-сезими өнүгөт деген ойдомун”.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Мирлан Кыдырбаев:
“Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара жакшы саамалыктардын бири. Мультимедиа борбору биздин айылда дагы ачылып жатат. Бул борбордун окуучуларга дагы пайдасы зор деп ойлойм. Анткени азыртадан кесипкөйлүккө үйрөнүүгө шарт түзүлөт. Биздин айылда тарыхый көп маалыматтар бар, аларды изилдеп, жергиликтүү калкка жеткирүү абдан жакшы нерсе. Бүгүнкү ачылыш биздин айыл үчүн чоң жетишкендик”.
Перизат Таштанова, Айпери Анарбекова, Бермет Кенжебек кызы