Кыргыз эли байыртадан эле дары өсүмдүктөрдү колдонуп келишкен. Кагаз бетине жазылгандардын дээрлик баары сакталып калбаса да, муундан- муунга жана ооздон- оозго айтылып келет.
Жалбыз
Илгертен бери өрмө кара, ак кодол, уу коргошун, чекенди, шыралжын, адырашман, уулжан, четин, чычырканак, эрбаасын, кереч, сасык матал, балдыркан, апийим, меңдубана, бөрү карагат, табылгы жана мумиёну билип келишкен. Дарычылыгы өсүмдүктөрдүн мөмөсүндө, кабыгында, тамырында, гүлүндө, жалбырагында, сабагында жана бүчүрүндө топтолот. Ошондуктан, дарычылыкка керектүү бөлүгүн гана жыйнап алуу керектелет.
«Бүткүл дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу адам баласы ден – соолугунан аябай эле запкы тартты. Ковид- 19 оорусу эмне деген кишилерди алып кетти. Бул вируска адис катары айтып кетсем, канды суюлтуучу дары өсүмдүктөрдү ичүүгө сунуштайт элем. Мисалы, кызыл мыянын жана карандыз тамыры, көкө мерен, жалбыз, гүлкайыр, өгөй эне жана жылан чөптү айтар элем. Дары өсүмдүктөрдү да ченеми менен демдеп ичүү керек . Эч ким оорубасын, бардыгыңыздарга ден – соолук каалайм “- деп билдирди элдик дарыгер жана кыл тамырчы Сагыйпа Курманбаева.
Дартка даба дары чөптөр тууралуу билип алыңыз
Айсулуу Нурматова