Айыл өкмөттөгү кризистик абалда турган, жашоо шарты өтө оор Ооган-Талаадагы эки үй- бүлөгө 2020- жылдын эсебинен үй курулуп берилди.
Батыров Алмамбеттин үй-бүлөсү, жарандык тастыктоочу документтери жок, жашай турган үйү жок. Бокол участкасында мончого деп курулган имаратта убактылуу жашап келишкен, ал жер жашоого ыңгайлуу эмес эле.
2019-жылы күздө Алмамбет Батыровдун үй-бүлөсүнө «уй куруп берели» деген демилге көтөрүлүп, эрте жаздан баштап үй куруу башталды.

Үй бүлөсүнүн курамы 4 адамдан турат
Айыл-өкмөтү тарабынан цемент алып берилди. Чет-өлкөлөрдө жүргөн Ооган-Талаанын мигранттары тарабынан акча чогулуп , үстү жабылды. Быйылкы 2020-жылда толук ички шыбактары шыбалды, ал эми сырты жана бир бөлмөсү бүтө элек. Азыркы учурда бүткөн эки бөлмөсүндө жашап жатышат.

Алманбет Батыровдун үйү
«Батыров Алмамбет жана анын аялы Разакулова Айгүлдүн эч кандай документтери болгон эмес. Азыркы күндө аларга паспорт алып бердик, эми балдарына паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алып берүүгө да аракет жасап жатабыз», — деди Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Бактыгул Алыбаева.

Чарбак участкасына, Мустапакул кызы Назакатхан 2 баласы бар, жалгыз бой энеге да элдердин, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен үй салынып берилди. Өзүнүн каражатын да кошту. Ал эми жалгыз бой эне болгондугу үчүн жардам бере турган эч кимиси жок, атасы өтүп кеткен, апасы пенсияда.
Тогуз-Тородо айыл жаштары жалгыз бой энеге үй куруп беришти
Аймээрим Саитжанова, Асема Тяншан кызы