Пандемия шартында Суусамыр айылдык ооруканасына жардам көрсөтүү максатында Суусамыр элинин ыктыярчыларынын атынан түзүлгөн «Суусамыр элинен жардам» тобу түзүлгн. Топтун аткарган иши, берилген жардамдар тууралуу уюштуруучу топтун жетекчилери түз эфирде маекте айтып беришти.
Алар Айылдык ден-соолук комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова жана айылдык оорукананын мед айымы Жусупбек кызы Асель эфирде конокто болушту.
Уюштуруучулар Нурзат Райымбекова жана Асель Жусупбек кызы
-Саламатсыздарбы. Эфирге кош келиптирсиздер!
-Саламатчылык.
-Бул топ качан түзүлгөн? Идеясы кайдан келип чыкты?
Жусупбек кызы Асель: «Биз пандемия күч алып турган убакта идея көтөрүп, айылдык ооруканага жардам берүү ниетинде ушул топту түздүк. Мен өзүм жон терим менен ооруканадагы абалды сезип,көрүп келдим. Ошол себептен ушул идеяны көтөрүп чыктым. Вотсап группа ачып ошол жактан жарыя кылдым. «Суусамыр элинен жардам» группасы ачылды.
-Элибиз кандай кабыл алышты?
-Элибиз баардыгы колдоп, өз ыктыярлары менен кошулуп колунан келген жардамдарын берип башташты.
— Кандай жардамдар болду?
-Тамак-аш, азык -түлүктөр,(эт малдарын союп келип берип жатышты) дары-дармектер, күнүмдүк колдонулуучу каражаттар, акчалай дагы жардамдар болду. Бул үчүн элибизге ыраазыбыз.
Нурзат Райымбекова: Бизди элибиз жакшы колдоп өздөрүнүн колунан келген жардамдарын аяшкан жок. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей элибиздин жардамы менен кыйын абалдан чыгып жатабыз.
-Бул топко кирем дегендер кимге кайрылыш керек?
-Бизге вотсап номерибизге кайрылса болот.
-200 адам топко кириптир ошонун бардыгы жардам бере алыштыбы?
-Көбүнчөсү колунан келген жардамдарын беришти.
-Учурда дагы жетишсиз нерселер барбы оору менен курөшүүдө?
— Дагы деле муктаждыктар бар азык- түлүк, күнүмдүк керектелүүчү каражаттар.
-Акчалай көрсөтүлгөн жардамдар кандай болду?
-Акчалай жардамдарга көбүнчө күнүмдүк керектелүүчү каражаттарды сатып алып жаттык.(бет кап, кол кап, жугушсуздандыруучу каражаттар).
-Элге дагы кандай кайрылуу,каалоо-тилектериниздер бар?
-Элибиздин ден-соолугу үчүн жакшы эле аракеттерди көрдүк. Эми элибизге чын ден-соолук каалайбыз. Эч убакта оорушпасын демекчибиз. Дагы да болсо жардамыңыздарды аябаңыздар. Убакыт бөлүп келип бергендигиңиздерге чоң рахмат. Ишиниздерге ийгилик. Аман болуңуздар.
-Маегиңиздерге чоң рахмат.
Азиза Тамчиева