Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан 7232 шайлоо участогунда жалпы тизме боюнча 2413 шайлоочу катталган. Эртең менен сегизде башталып кечки сегизде жыйынтыкталды жана 760 шайлоочу катышты.
72-32 шайлоо участогу
“Шайлоого өзүмдүн атуулдук милдетимди аткарайын деп келдим. Бүгүнкү шайлоо тынч жана таза өтүп жатат деп ойлойм. Элдин камын ойлогон ажо келсин деп тилейм, өлкөбүз өсүп өнсүн.
Референдумга менин жекече оюм президенттик башкарууну колдойм. Участкалык шайлоо комиссиянын курамында биздин Новое айылынын жашоочуларынан эч ким жок болгондугу өкүндүрөт »,– деп билдирди Новое айылынын тургуну Элмира Абдрахманова.
Шайлоо урнасы
Шайлоо кабинасынын эрежелери
Айсулуу Нурматова