Жаңы-Жер айылынын Б.С. Шаршенбаев атындагы № 43 Кесиптик лицейде, салтка айланган “Педагогикалык окуу” болуп өттү. Кыш мезгилине туура келген январь айындагы педагогикалык окуу, мугалим-устаттар үчүн кесиптик билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү, Мугалим-устаттардын педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларын жыйынтыктоо жана жайылтуу максатында кенешмеси болду.
Педагогикалык окууда мугалим-устаттар берилген тематикаларга даярдаган презентациялашты. Кесиптик билим берүү сапатын өнүктүрүүгө иштеп чыккан жаңы ыкмаларды көргөзүштү. Көп жылдан бери эмгектенген улуу устаттар жаш кесиптештерине өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшкөн кеңешмесинде кызыктуу талкуу жаралды.
Мугалим-устаттар кесиптик билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча презентацияларды көргөзүштү.
Кесиптештер педагогикалык окуунун жүрүшүндө
Бүгүнкү педагогикалык окууда жалпы 13 мугалим-мастер презентация кылганга үлгүрүштү. Кесиптик лицейдин жаш мугалим-мастерлери аралыктан окутуу боюнча жаны ыкмаларды көргөзүп ортого салып ой бөлүштү.
Алтымыш кызы Сезим «Ашпозчу-навайчы» кесиби боюнча презентация даярдаган
Маматова Салтанат модулдук окуу программасынын спецификациясы жөнүндө айтып берди
Жаш мугалим Нурчоро уулу Женишбек дене тарбия сабагы боюнча аралыктан окутуунун жаңы методикасын иштеп чыккан
«Педагогикалык окуунун» жыйынтыгында мугалим- устаттар жаш кесиптештерине колдоо корсөтүп, кесиптик билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн атайын семинар-тенингдерди байма-бай өтүп турууну сунушташты.
Кесиптик лицейде каада-салттык ыкма менен кесипке үйрөтүп окутат
Турсун Омуралиева