Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Азия өнүктүрүү банкынын долбоорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү тарабынан 7-11 класстардын предметтик стандарты химия, биология, география, физика, математика предметтери боюнча окушту.
Семинарга химия предметинен 21 мугалим, биологиядан 24, география 24, физикадан 26, ал эми математикадан 45 мугалим катышты. Жалпы 140 мугалим предметтик стандартты окуду.
Предметтик стандартты окуткан бардык тренерлерге ыраазычылык билдиребиз, мугалимлерге жеткиликтүү түшүндүрүп беришти»-деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинетинин биология жана химия предмети боюнча усулчусу Венера Жапарова.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинетинин биология жана химия предмети боюнча усулчусу Венера Жапарова
Предметтик стандартты окуу боюнча мугалимдер арасында көп түшүнбөстүктөр болгондуктан бул окутуу аябай керек эле. Бардык мугалимдер аябай ыраазы болуп жатышат. Семинар эки агымдан туруп, азыркы мезгилге чейин биринчи агымы өтүп, жалпы 150 мугалим катышкан, 129 мугалим предметтик стандарттык окуу боюнча сертификаттарга ээ болушту.

мугалимдер окутуу учурунда

Ж. Бөкөнбаев жатак мектебинин химия мугалими Нурсыйда Базаркулова:
2021-жылдын 4-5-6 январь күндөрү усулдук семинар болду. Мында биз мамлекеттик стандарттык программа боюнча кеңири маалыматтарды алдык. Бул семинарда райондун химия мугалимдери өтө көп маалыматтарды алууга жетишти. Өзгөчө ошол жердеги тренер Гулина Батыракеева жана Айнура Малабаевалар мугалимдерге стандарттык программа боюнча анын негизги компотенттүүлүк, предметтик компотенттүүлүктүн түрлөрү, баалоонун түрлөрү, азыркы заманбап технологиялар, усулдар боюнча кеңири үйрөтүштү.
Ошол семинарга катышкан химия мугалимдер убакыттын кандай өткөнүн да байкабай жатышты. Семинар Google Meet программасы боюнча өттү, жумушчу барактары түзүлүп, иш жүргүзүштү.
Күнүгө тесттик тапшырмалар берилип, аларды убагында аткарып жатышты. Бардык химия мугалимдеринин атынан ыракмат айтып кетет элем.

Ж. Бөкөнбаев жатак мектебинин химия мугалими Нурсыйда Базаркулова
«Онлайн тартипте телефондон түздөн-түз баарлашып өтүү бул негизинен мугалимдер үчүн чоң бир мотивациялык шык болду. Ошондуктан биздин химия мугалимдери семинарды өтө жогорку деңгээлде уюштурулду деп баалайбыз, мына ошол сабакты өткөрүүгө жардам берген бардык уюштуруучулар тобуна коллегаларымын атынан чоң ыраазычылык билдирип кетем. Демек мындан ары дагы бул стандарттык программасы окутуу процессине өтүү маанилүү программа экендигин биз билип алдык»-деп билдирди Базаркулова.
Базаргүл Эргешова
Мен Базар-Коргон районундагы №1 Макаренко атындагы мектеп гимназиясынын биология мугалими Бактыгүл Эргешова. Биз 4-5-6-январь күндөрү семинар тренингге катыштык. Тренинг Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулду. Семинар тренинг онлайн режимде өттү. Биздин тренерлерибиз Айсалкын Сатыбаева жана Айгүл Акматова эжекелер болушту. Онлайн режиминде өткөнүнө карабастан мугалимдер аябай активдүү катышышты. Эртең мененки саат 9га чейин катоодон өтүп, саат 9да семинар тренинг башталып жатты. Кечки 5ке чейин биз семинар тренингде катыштык.
Тренерлер Айсалкын Сатыбаева жана Айгүл Акматовалар билимдери терең, иштерин мыкты билген адистер экендиги анык болду. Семинар тренингди бизге өтө кызыктуу жакшы өтүп беришти. Практикалык сабактар болду аларга катыштык, үч күн тесттик тапшырмаларды аткардык. Андан сырткары сабактын иштелмесин жазып иштеп чыктык, бизге чоң методикалык жардам болду. Ошол үчүн мен жогорку тренер эжекелерибизге чын ден-соолук, узун өмүр, иштерине чоң ийгиликтерди каалап кетет элем. Кыргызстандагы биология предмети боюнча мугалимдерге өздөрүнүн методикалык жардамдарын берип, иштери дайым алга жүрө берсин.»
Жыпар Амиракулова математика мугалими:
Мен Жыпар Амиракулова №24 Сатар Нурдавлетов а.о.м. математика мугалими болуп иштеймин. КРнын мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча 3 күндүк семинарга катыштым. Семинар онлайн форматында жүргүзүлдү, онлайн форматында жүргүзүлгөндүгүнө карабай семинар үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү болду. Ушул семинардын жүрүшүндө мамлекеттик стандарт менен тааныштым жана анда көрсөтүлгөн негизги жана предметтик компотенттүүлүктөр, күтүлүүчү натыйжа жана алардын көрсөткүчтөрү, шыктандыруучу билим берүү чөйрөлөрү, баалоонун негизги жана стратегиялары жөнүндө түшүнүк алып, практикалык иштер өткөрүлүп, темаларды талкуулоого жетиштик. Ушул семинар уюштуруучуларга жана тренер Нурдан Эшимканов, Расул Тулеевге ыраазычылыгымды билдирем. Мен алган билимим менен өз кесиптештериме жайылтамын жана өз билим берүү тажрыйбамда колдоном.
Нилюфар Юлдашева география мугалими:
Тренерибиз Элмира Сатышова жана Калыйбүбү Джунусалиеваларга ыраазычылык билдиребиз, 3 күндүк окууда көп нерселерди үйрөндүк, жаңы стандартты өздөштүрүп алдык. Онлайн түрүндө болгону биз үчүн пайдалуу да болду. Техниканы өздөштүрдүк.
Окууда математика, физика, химия, биология жана география мугалимдер үчүн атайын Whats App группалар түзүлдү. Ар бир группага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бөлүнгөн тренерлер кошулду. Ар бир тренер өзүнүн предмети боюнча сабак беришти, окуу учурунда көптөгөн кыйынчылыктарга кезиктик. Мисалы: интернет жакшы иштебеген учурлар болуп жатты, бирок ошол жагдайларга карабастан, мугалимдерибиз сабакка аракеттенип толук катышып жатышты. Тренерлер биздин мугалимдерибизге керектүү методдор менен бөлүшүштү. Предметтик стандартты окуткан тренерлерге ыраазычылык билдиребиз»-деп билдирди Юлдашева.

Так илимдери боюнча Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Гүлмэрим Масабирова:
«Негизи окуулар жогорку деңгээлде өттү. Физика сабагы боюнча тренер Уланбек Мамбетакунов, Суюндук Ишенбаев агайларга райондун физика мугалимдеринин атынан ошондой эле уюштуруучуларга, координатор Аскат Алимбековго, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчуларына ыраазычылык билдирем».

Гулназ Камбарали кызы, Жапарова Айдай