Жалал-Абад облусундагы 82 ата-энесинен ажыраган балдарга 3 миллион сом акчалай көмөк көрсөтүлдү.
Балдарга тилек айтып, бата берүү учуру
Бул Бириккен Араб Эмиратынын жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай Коомунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Ар бир балага карта аркылуу акчалары берилип жаткан кезде
Балдарга карта алдын ала банк аркылуу жасалып, акчалар салынган
Алардын тизмеси облустун район-шаарлардагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген. Муктаж балдарга көмөк көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, каражаттар ар бир балага банктык эсеп аркылуу которулган.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 509 томолой, 7 миң 965 ата-энесинин биринен ажыраган балдар бар.
Айдай Жапарова