Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы башкы жолдун абалы элдин көйгөйүнө айланды.
Бекташев Замирбек Ооган-Талаа айылынын тургуну:
«Менин атым Замирбек Бекташев Ооган-Талаа айылынын тургуну болом. Жол өтө начар, жаман, мектептин алдында жол белгилери жок, коюлушу керек. Жолдор оюлган, анан машиналар айланып өтүп жатышат. Мына окуу башталып атат, окуучулардын коопсуздугу үчүн жол белгилери коюлганда жакшы болмок антпесе окуучуларга коркунуч жаралат. Адамдарга да залакасы тийет».
Мусаканов Рустам жеке ишкер:
«Менин атым Рустам дүкөндүн ээси болом. Ооган-Талаа айылынын жолунун абалы жаман, начар болуп жатат. Анча мынча жерлерге кум шагыл төгүп жатабыз, баары бир болбойт экен. Жанылаш керек жолдорду. Жазында сел келип жол менен агат. Ошого жол жаман болуп кеткен. Ушул көйгөйлөрдү чечиш үчүн айыл өкмөткө кайрылат элем. Белгилер жок болгондуктан адамдар, машиналар эрежелерди сактабай жатышат».
Касымбекова Сабира:
«Мен Касымбекова Сабира Ооган-Талаа айылынын тургуну. Ооган-Талаа айылынын жолдорунун абалы өтө начар. Жолдор оюлуп кеткен. Аларды оңдош керек, асфальттап, тротуар койсо болот эле. Окуучулар машина жол менен жүрүшөт. Коопсуздук үчүн кичи жолдорду оңдош керек. Ички жолдор жана тышкы жолдор, трассалар да начар».
Карасаев айыл аймагына баруучу жол оңдоого муктаж
Жапарова Айдай, Жекшен кызы Тахмина, Элянора Капарова