Жаңы-Жер айылынын Оторов көчөсүндөгү №10 үй толугу менен өрттөнүп кетти. Окуя 3-декабрга караган түнү саат 1-лер чамасында болгон. Өрт кырсыгынан үй-бүлө мүчөлөрү аман калышкан. Кыш мезгилинде үйсүз калган үй-бүлө мүчөлөрү аман-эсен калгандарына ыраазы экенин айтышууда.
Бул үйдө ата-энеси менен чогуу жашаган Илимбек Жыргалбеков түн ичинде капысынан үйдүн чатыры күйүп жатканын байкап калган. Илимбектин айтуусу боюнча төмөнкү маалыматтарды алдык:
«Мен түнкү саат 1-лер чамасында терезеден үйдүн чатыры күйүп жатканын байкап калдым, эшикте караңгы болгондуктан айлана жаркырап жарык көрүндү. Терезени ачканымда чатыры аябай күйүп жатыптыр. Үйдөгүлөрдү алып чыкканга араң үлгүрдүм. Астыңкы кабатта атам ичинде калып калыптыр, терезени сындырып алып чыктык. Кийим кийип чыкканга үлгүрбөдүк. Документтердин баардыгы күйүп кетти.
Өрт өчүрүүчү машиналар келди, бирок өрт ушунча тез ылдамдыкта күйгөндүктөн эч нерсе калбады. Менин ал убакта бир эле оюм, үйдөгүлөрдү аман эсен алып чыгуу эле. Эмнеси болсо да аман калдык. Ата-энемдер дагы ошого шүгүр деп олтурушат. Азыр баарыбызды менден улуу агам үйүнө алып кетти. Кыштын күнү кыйын эле болду. Жада калса кийимибиз жок кийгенге. Ата-энемдин өмүр бойу мээнеттенип, тапкан ташыганы бир заматта жок болуп кетти. Агама күч келтирип 5 адам үйүнө кирип алдык. Айла жок, башпаанек керек да.
Бирок ата-энемдер аман калганыбызга шүгүр деп олтурушат. Биздин ата –энебиз көп баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Баарына бирдей жогорку окуу жайга окутуп, үйлөнтүп жайланткан. Атам кайгырганын да билгизбеген токтоо адам. Апам болсо, бардыгына түшүнүү менен карайт.
Үйүбүз күйүп жатса дагы өзүн кармап кайра бизди сөзү менен жубатып турду. Азыр да бизге үй, оокат, дүнүйө-мүлк табылат эч кайгырбагыла. Андан көрө ынтымагыңар бекем болсун, бири бириңерге кайрымдуу болгула. Жаз келсе аракет кылып жардамдашып издеп жаңы үй саларбыз дейт. Апам айткандай кудайдын айтканын көрөбүз да».
Асья апа 1992-жылы Тоолуктан жер титирөөдө көчүрүлүп келгендигин айтып эскерет. «Ошондо дагы айылыбыз менен ушул айылга келдик, чоочун жерде, чоочун элге аралашып жакшы жашап жүрөбүз. Бул деле бир сыноо да. Эн негизгиси аман калдык», –деди.
Жаны-Жер айылынын актвисти катары айылдаштары тааныган Мирзат Койчуева төмөнкү маалыматтарды айтып берди:
«Бул үй-бүлөгө айыл эли көнүл айтып, абалын сурап келип жатышат. Айылда кадыр-баркы бар адамдардын катарын толуктаган Жыргалбай ата менен Асья апа балким ичинен ичи ачышып жаткандыр, бирок элге билгизбей өздөрүн ушунчалык сабырдуу кармоодо.
Азыр кышында үй жайы, кийим кечеси, тамак ашы жок калышты кандай элестетсе болот. Эл катары бул үй-бүлө деле насыя алышса керек. Кымбатчылык жашоо, тиричиликке керектүү оокаттар, тамак аш азыктарына болгон баанын өсүшү өзгөчө быйылкы жылы элдин баарына мүшкүл жаратууда. Мен, мисалы айыл тургундарына кайрылат элем. Кырсык ар бир адамдын башына келет.
Ушундай убакта айыл эли биримдикте бул үй-бүлөгө колдоо көрсөтүп койсок деп. Биздин айыл негизи ар улуттан турсак да ынтымактуу элбиз. Буга чейин жайында пандемия күч алган учурда айылдык ооруканага “Тез жардам” унаасын сатып алууга жапа тырмак акча чогултканбыз. Бул бир эле мисал. Менин жеке оюм кыштын күнү бул үй-бүлөгө жардам бериш керек. Биздин айылдаштар арасында “Тоолук ынтымагы” деген вотсапта группа бар. Айыл жаштары группага жазышыптыр. Биз үй-бүлө мүчөлөрүнө билгизбей эле чогулталы деп жатабыз. Бул адамдар эч убакта кыйналганын дагы билгизбей турган адамдар. Бир айылда жашагандан кийин, кантип карап тура алабыз».
Айылда азыр кыштын күнү дээрлик ар бир үйдө түтүн булап, от жагылат. Тилсиз жоо айтып келбейт, кырсыктан тышкары болуш үчүн өрт коопсуздугун сактоого аракет кылалы.
Турсун Омуралиева