Кулатов айы өкмөтүндөгү мугалимдердин эмгегин бааланып, «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу программасы мугалимдерге ыраазычылык кат жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн Т. Айбашев атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалимдери пандемия учурунда жайкы каникулда башталгыч класстын окуучуларына аралыктан окуу лагерин уюштуруп, балдар менен жакындан иштешкен.
Т.Айбашев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Динара Муртазаева буларга токтолду:
«Киргизилген өзгөчө кырдаал учурунда башталгыч класстын окуучуларына аралыктан жайкы лагер уюштурдук. Мерсиконун «Билим үчүн азык» жана » Балдардын тамактануусу» деген программанын жардамы менен 3 тайпа түзүлүп ар бир тайпада 20-25 чейин балдарды кабыл алып 3-этап менен аралыктан лагерь уюштурдук.
3-тайпаны 3 мугалим окутту. Ушул долбоор башталгыч класстарынын окуучулары үчүн атайын даярдалган аудио уктурууларды, видео сабактарды, көркөм өнөр сабактары боюнча видео сабактарды даярдап жөнөтүп жатышты. Бул карантин учурунда балдардын Бош калуусунан арылтып, алардын ар тараптуу билимин өркүндөтө турган жумуштар менен алек болуусуна өбөлгө түздү.

Т.Айбашев орто мектебинин башталгыч класс мугалими Муртазаева Динара
Балдар менен иштөө биз үчүн да кызыктуу болду, себеби кайтарым байланыш аркылуу алардан кызыктуу тапшырмаларды алып жаттык. Окуучулар үйрөнгөн билимдерин телефон аркылуу сүрөттөргө тартып, түшүнгөндөрүн видео кылып жөнөтүшүп жаткан. Жалпы 70-75 бала катышышкан. Айрым ата-энелерден карантин учурундагы жайкы окуу лагерин убактысын узартуу боюнча сунуштар да түшүп жатты».

Т.Айбашев орто мектебинин мектеп директору Замира Нурдинова сыйлыктарды тапшырып жаткан учуру
Т.Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова «Билим үчун азык жана балдардын тамактануусу» программасы менен 2 жылдан бери иштешип келе жатабыз дейт:
«Бул долбоор негизинен биздин мектептеги балдардын билим алуусунун жакшырышына чоң жардам берди десем жаңылбайм. Себеби, биз акысыз башталгыч класстардын окуучулары үчун жомок китептерди жана окуучулар арасында фестивальдарды, ата-энелер менен балдары биргеликте конкурстарды уюштуруп, кызыктыруучу сыйлыктар менен каржылап келет. Андан сырткары карантин учурунда башталгыч класстын окуучулары үчүн жайкы окуу лагерин уюштурууга жардам берди. Биздин үч мугалим балдар менен иштешип, мына бүгүнкү күндө үч мугалим ыраазычылык кат жана зыянсыздандыруучу каражаттар менен каржыланышты. Мектепке да ушундай каражаттырды жана туура кол жуу эрежелери боюнча эстеткичтер менен камсыз кылды. Бул долбоордун кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем».
Айыл мектептери пандемияда кышка даяр
Таңнуру Жалалова