Жаны-Жер айылындагы №43-Кесиптик лицейге «Биринчи жардам жаштарга» коомдук фонду көп жылдан бери демөөрчү катары иштешип келет. Жакында кесиптик лицейдин жатаканасында жашаган окуучуларга Зарылкан Токтосунова өз каражатынан сыналгы белекке берди.

«Биринчи жардам жаштарга» коомдук фонддун өкүлдөрү лицейдин жамааты менен. Ортодо демөөрчү Зарылкан Токтосунова

Оңдон солго Зарылкан Токтосунова сыналгы тапшыруу учуру
«Биринчи жардам жаштарга» коомдук фонддун жетекчиси Манас Тулегенов 43-кесиптик лицейдин оуучуларына материалдык жана моралдык жардамын берип келет. Ушул эле фонддун өкүлү Салмоорбек Кыдыралиев чет өлкөлөрдөн ыктыярчы демөөрчүлөрдү тартып , көптөгөн муктаж адамдарга жардам берүүдө.
Мындай жардам берген демөөрчүлөр өзүбүздүн өлкөдөн өз ыктыяры менен келүүдө. Жакында кесиптик лицейдин жатаканасына Зарылкан Токтосунова өз каражатынан сыналгы алып келип тапшырды.

«Биринчи жардам жаштарга» коомдук фонддун өкүлү Салмоорбек Кыдыралиев
Эскерте кетсек Зарылкан Токтосунова эки жылдан бери өз каражатынан ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана эне-атасыз өскөн окуучуларга кийим-кече, гигиеналык каражаттардан жардам берип келет.
Лицейдин бүтүрүүчүсү окуучуларга азык- түлүк алып келди
Айдай Жаныбекова
Тилкек Сүйүндүков