Accelerate Prosperity Asia долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун ишкерлеринин арасындагы сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. 50 миң АКШ долларына чейинки инвестицияларга аталган облустун үч компаниясы татыктуу болду.
50 миң АКШ долларына чейинки инвестицияларга Жалал-Абад облусунун үч компаниясы татыктуу болду
Акселерацияга 200гө жакын талапкердин ичинен, акыры, квалификациялык турдан жана окутуудан кийин 20 ишкер финалга чыкты. Тажрыйбалуу ишкерлер менен интенсивдүү иш алып баруунун натыйжасында катышуучулар бизнес-пландарын жакшырткан.
Акселерациянын катышуучусу, Айгүл Джаратова калктын аялуу катмарынын балдары үчүн англис тилин көркөм өнөр аркылуу үйрөтүү методикасын иштеп чыккан.
«Менин компаниям социалдык баалуулуктан башка дагы көп нерсеге ээ экендиги жөнүндө түшүнүгүм жок болчу. Мен менен иштеген трекер “СЭФАН” экономикалык чоң мааниге ээ экендигин түшүнүүгө жардам берди. Мен мындай акча таба алам деп ойлогон эмесмин. Терең ыраазымын», — деп белгилейт Айгүл.
Жалал-Абаддык чакан жана өсүп келе жаткан бизнес ээлери Accelerate Prosperity командасынын кардарларды багыттоо, баалуу сунуш боюнча окутуу программасынан өтүшкөн. Акселерациянын жүрүшүндө алар алдыңкы адистерден жеке кеңештерин алышты.
«Мынчалык ийгиликтүү болот деп ойлогон эмесмин! Бизге берилген тапшырмаларды аткарып жатып эле, кардарларыбызды көбөйтүп алдык”, — дейт дагы бир ишкер Жаңыл Расулжан кызы.
Катышуучулар бизнести диагностикалоо жана башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүү, ишкананын алсыз жактарын оңдоо тутумунан өтүштү.
Жалал-Абаддын ишкерлери инвестициялык колдоого ээ болушту
Катышуучулар бизнести диагностикалоо жана башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүү, ишкананын алсыз жактарын оңдоо тутумунан өтүштү.
Программанын акыркы иш-чарасында окутууну ийгиликтүү аяктаган ишкерлер инвестиция алуу максатында комитетке өзүнүн бизнес-долбоорлорун жана масштабдоо стратегияларын сунушташты. Мындан тышкары, иш-чарага өнөктөш эл аралык каржы институттарынан жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башка инвесторлор чакырылган (USAID, AV Frontiers, KICB, EBRD Small Business Support Group ж.б.).
Натыйжада, комплекстүү баалоодон өтүү үчүн жана өз долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн 50,000 АКШ долларына чейинки инвестицияларды алуу үчүн үч компания тандалган. Алар: “Илим” билим берүү борбору, “Ала Бука Агроэкосервис”, “Форель 360”.Ошондой эле, Инвестиция боюнча консультативдик комиссия бир катар компанияларга техникалык колдоо жана Accelerate Prosperity PF ресурстарынан колдонууга толук мүмкүнчүлүк берет.
“Accelerate Prosperity ASIA” долбооруу Accelerate Prosperity тарабынан ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Германиядагы ишкер айымдын Кыргызстанга кошкон салымы
Ишкерлерден кеңеш: Иш баштайм деген адам изденсе, мүмкүнчүлүк көп…
Касиет Кубанычбек кызы