Жаңы-Жер айылындагы «Айым» апалар тобу Сокулук райондук администрациясы, мэрия, айыл өкмөттөрү тарабынан 8-март аялдардын эл аралык күнүндө иш- чарага катышышты. Иш- чаранын соңунда апалар, улуттук этно кийимдерин даңазалоо максатында борбордук аянтта жүрүшкө басышты.
Сокулук райондук администрациясы, мэрия, айыл өкмөттөрү тарабынан 8-март аялдардын эл аралык күнүндө иш- чарада
Жаңы-Жердик «Айым» апалар тобу
Кыргыз маданиятына салымын кошуп келген элдик эне, «Ак саамай» фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан боюнча жети облустагы «Шайыр» апалар теледолбоорунун төрайымы Айымкан Жаманкулова «Айым» апалар жөнүндө өз оюн айтты:
Сүрөттө оңдөн солго карай; Кыргызстан боюнча жети облустагы «Шайыр» апалар долбоорунун төрайымы Айымкан Жаманкулова жана «Айым » апа тобунун жетекчиси Таалайкан Бекматова менен.
«Мен Жаны-Жерлик «Айым» апаларга ыраазымын. Бул топтогу бардык апалар ашыкча үн сөзү жок үлгүлүү апалар. Ар бир ишти жакшы уюштурган таланттар, аракетчил эмгекчил апалар. Ал эми бүгүнкү майрам жөнүндө айтсам, 8-март кылым карыткан майрам. Аялдар бул күндү 1900 жылдан бери карай майрамдап келе жатабыз. Көкүрөгүнөн эне сүтү кетпеген үлгүлүү кыргыз энелери көбөйсүн. Коом үчүн, улут үчүн кыргыздын ак элечеги башынан түшпөгөн ар кыл таланттуу, маданияттуу, кадыр барктуу энелери көп болсун.»
Апалар бийге даярданууда
Иш- чара бүткөндөн кийин «Айым» апалар борбордук аянтта улуттук этно кийимдерин даңазалоо максатында жүрүшкө басышты.
Айылдын ардактуу ак халатчан айымдары
Турсун Омуралиева