Кара-Суу Жаштар Ынтымагы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагына караштуу, Кара-Суу айылындагы 15 апага Улук Учкучбек уулунан атынан белектер берилди.
Буга чейин Кара-Суу Жаштар Ынтымагы айылдын бардык көчөлөрүнө ишембилик өткөрүп, айыл тургундарын тазалыкка чакырды. Жаштардын демилгеси менен чогултулган каражатка, беткап тиктирип, айыл тургундарына таркатып берүү менен түшүндүрүү жүргүзүп келишкен.Элди кайрымдуулукка чакырып, акча топтоп, көп балалуу, кары картаң, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам бери келишкен. Мындан сырткары, жөө адамдар кулап кетпөөсү үчүн тосмолор тосушуп, коомдук иштерге активдүү катышып келген.
Айылдагы жумушсуздук көйгөйүн чечүүгө умтулган Миң-Куш жаштар борбору тууралуу окуңуз
Анара Мааметова