Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин башталгыч калссынын ата-энелери мектепке түстүү телевизор белекке беришти. Телевизор балдарга сабак берүүдө ар кандай видео жана презентацияларды жасоо үчүн колдонулат.
Ата-энелер тарабынан майрамга утурлай окуучуларга жана класс жетекчисине маанилүү белек болду. Бул тууралуу ата-энелер комитетинин төрайымы Динара Арстанбекова төмөндөгүдөй билдирди:
«Биз ата-энелер өзүбүзчө кеңешип балдарга жана эжесине майрамдык белек болсун деп классына түстүү телевизор белек кылууну чечтик. Белегибизди бүгүн ата-энелер менен чогуу келип каалоо тилектерибизди айтып тапшырдык. Балдардын татыктуу билим алуусу келечеги үчүн керектүү белек болду деп ойлойм. Азыр бардыгы заман талабына шайкеш келип жатат. Ошондуктан балдарыбызга заманбап билим берүү маанилүү деп эсептейм. Балдарыбыздын келечекте татыктуу билим алып, элинин керегине жараган инсандардан болушуна тилектешпиз.»
Класс жетекчиси жана мектеп жетекчилиги да ата-энелерге ыраазычылыгын билдиришти.Класс жетекчиси Назира Медетова да кубанып турганын билдирди:
«Мен кубанганымдан эмне деп айтышты да билбей турам. Окуучуларымдым ата-энелерине чооң ыраазычылык билдирем. Окуучулардын татыктуу билим алуусу үчүн болгон аракетибизди кылып жатабыз. Заман талабына ылайык билим берүүгө умтулуп келебиз. Ошого заманбап каражаттар керектелет. Эми биздин мектеп дагы заманбап каражаттар менен толукталып жатат. Окуучулардын заман талабына ылайык билим алуусу үчүн мугалимдер ата-энелер тыгыз байланышта иштеп аракет кылабыз деген ойдомун. Ата-энелерге чоң рахматымды билдирем».
Суусамыр: Жол азабы же мектепке жетүү көйгөйү
Азиза Тамчиева