Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында пандемия учурунда илдетке каршы турууда айыл тургундары көптөгөн жардамдарды беришти. Алардын арасында айылдык жаштар уюму, жаш курагы бирдей айыл тургундары, медайымдар, мугалимдер, ишкерлер жана башка айыл тургундары бар.
Кара-Суу жаштар уюмунун төрагасы Кубанычбек Кадыров
пандемия күч алып турган учурда эл камын ойлоп, көзөмөлдөп, тынымсыз аракетте болду. Анын айтымында “Эл деми” деген уюм түзүлүп, ал уюмдун алдында каражаттар чогултулган.
Айылды дүйнөлүк Covid-19 илдети каптагандан бери эл коркунуч абалда турду, паникага алдырышты. Жөн турбастан айыл эли чогулуп, бул ооруга туруштук берүүгө мамлекеттин күчү жетпесин билдик дагы өзүбүз “Эл деми» деген ат менен өзүбүз колдоо көрсөтүп, иш- чараларды уюштуруп, элге жардам берүү максатын көздөп, иш алып кеттик.
Кара-Суу жаштар уюмунун төрагасы Кубанычбек Кадыров
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Турдубеков Тилек агабыз уюштуруп, жаштардын жардам сураган. Себеби дегенде текшерүүлөрдү өткөрүп, чоочун адамдарды киргизбөөгө айыл элинин саламаттыкты сактоого колдон келген жардамыбызды көрсөттүк.
ФАПка жардам катары келген дары-дармектер
Пост тосулганда айыл эли толук кандуу кошулуп берген жок. Бирок, бара-бара түшүнүштү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаттык. Айрымдары районго чыгабыз, кээ бири айылга киребиз деди. Айыл эли эч нерседен кем болгон жок, себеби атайын таксисттер атайын азык-түлүктөрду элдин кем-карчысын алып келип жатышты.
Кара-Суу жаштар уюму иш үстүндө
Пандемия учурунда айылга жакшы жардамдар көрсөтүлдү. Жогоруда айтып кеткендей мамлекеттин күчү жетпегенге байланыштуу айылдан ар бир жылы туулган жарандары жыл-жылы менен жана аттуу-баштуулар колдоо көрсөтүп жатты. Жалпы суммасын айта кетсем чогулган акчабыз: 374 000 сом болду. Ошондой эле ФАПка да жардам берилип жатты. Айыл эли көтөрүлүп “Кызыл зона” уюштурулду.
Карантин учурундагы пост
Элдин жардамы аябай жакшы таасирин берди. Дары- дармектерди өз убагында, өз дарегине жеткирип берүүгө аракет кылдык. Менимче айыл тургундары бул илдет менен жакшы күрөшүп кетти, жеке медициналык жардам менен дагы, үй шартында дагы”.
Айылдык дарыгердин айтымында, Кара-Суу айылында азыркы учурда элдин ден соолугу жакшы, акыбал туруктуу.
Айдана Абыл кызы, Нурия Тенти кызы, Элиза Кубанычбек кызы