2020-жылдын 19-августунда UNESСO, тарабынан өткөрүлгөн республикалык конкурста Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Зарина Джумабекова жеңүүчү болуп аныкталды.
Жеңүүчү мугалим бул конкурска мектептин директору аркылуу катышып калганын айтты:
“Мектептен эле катышып калдым. Биздин мектеп директору мени жана менден башка дагы эки мугалимди жаздырып коюптур. Бул окууну EdNet проектиси Estonia каржылайт экен.
Ошентип 19-августтан баштап он күн окудук. Ошол окуган боюнча өзүбүздүн окуучуларыбызды Zoom программасы аркылуу окутуп жаттык. Ар кандай темадагы кызыктуу сабактар өтүлдү. Андан кийин ошол тажрыйба боюнча конкурска катышып калдык. Тоскоолдуктар албетте болду. Мисал, кээ бир окуучулардын уюлдук телефондор жана интернет көйгөйлөрү болуп жатты. Бул конкурска катышканыма абдан кубанычтамын. Интернет менен өзүмө жетишээрлик пайдалуу кеңештерди алдым”.
Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Зарина Джумабекова
Зарина Джумабекованын конкурска катышуусуна себепкер болгон Шапак Рысмендеев орто мектебинин директору Болот Бообек уулу бул жеңишти сыймыктануу менен кабыл алганын билдирди:
“Биздин Шапак Рысмендеев орто мектеби башка гимназия мектептердин мугалимдери менен тең тайлаша конкурска катышкан. Анын жыйынтыгында Нарын облусу боюнча эки жеңүүчү аныкталган. Алардын бири биздин орто мектептин мугалими болгону биз үчүн чоң жетишкендик. Нарын облусундагы заманбап мугалим катары, эл аралык стандартка жооп берген окутуучу болуп тастыкталды десек болот.
Бул конкурска Кыргызстандын ар бир эле мектеби катышкан эмес. Нарын облусунан эки мектеп, анын ичинен биздин мектеп да катышты.
Конкурстун катышуучулары менен сабак өтүү учурунда
Андан тышкары, Зарина Аманкуловнага ушул чоң жеңишти камсыз кылгандыгы үчүн «Кара-Суу Жаштар Уюму» тарабынан «Жылдын заманбап мугалими» аттуу наам ыйгарылды. Бул да болсо кийинки жаш мугалимдерге үлгү болот деген ойдобуз”,- деди мектеп директору.
Жеңүүчү мугалим башка мугалимдерден айырмаланып, окуучуларга кандай сабак түшүндүрөрүн окуучулары айтып берди.
Кесиптештер менен
«Зарина Джумабекова теманы жакшы деңгеээлде түшүндүрүп берет. Мисалга алсак биринчи орус тилинде андан соң түшүнүктүүрөк болуусу үчүн кыргыз тилинде кайталап берет. Сабак өтүү учурунда ар кандай кызыктуу оюндарды ойнотуп, маанайыбызды көтөрүп сабакка болгон кызыгуубузду арттырат.Ошондой эле эжейибиз ар бир окуучуга өзгөчө көңүл бургандыгы менен биз жакшы деңгээлдеги билим алып жатабыз»,- деди 8-класстын окуучусу.
Азима Шакирова, Айдана Бактыбек кызы, Аделя Тилек кызы