Баткенде жабыркагандарга гуманитардык жардамды чогултуу пункту А.Сыдыков атындагы райондук маданият үйүндө уюшулган.Мындан сырткары айыл өкмөттөр дагы өз жеринде штабдар уюшулуп, учурдагы кырдаалга байланыштуу материалдык жана гуманитардык жардамдар кабыл алынган. Жалпысынан Тогуз-Торо району боюнча 1 233 278 сом жардам катары жыйналат. Бул туурасында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын фейсбук баракчасына жарыяланды.
Баткен облусунун тургундарына жардам катары 2 күндө чогулган жардам төмөндөгүдөй:
-Нак акча түрүндө -715 715 сом
-Тамак-аш, кийим-кече — 317 563 сом
Жалпы 1 033 278сомдук каражаттар жыйналды.
Мындан сырткары Макмалголд Компани ЖЧКсы эртең 200 000 сом которот.
Жалпысынан Тогуз-Торо району боюнча 1 233 278 сом жардам катары жыйналат.
Айыл өкмөттөрү боюнча чогулган 715 715 сомдук нак акча:
Атай айыл өкмөтү -100 000сом
Сары-Булун айыл өкмөтү -74 030сом
Көк-Ирим айыл өкмөтү -112 890
Анара Мааметова