Төлөк айылында жаңы ФАПтын имараты курула баштады. Бул имарат мындан бир жыл мурун түптөлгөн. Курулуш иши бир айга созулуп, ноябрь айында толугу менен бүткөрүлөт.
«Катар кайрымдуулук фонду тарабынан 2млн 200миң сом бөлүнүп, учурда бул сумма толугу менен ФАПтын курулуш иштерине жумшалып жатат»-дейт Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүндүк Табылдиев. Буга чейин бул ишти камсыздаган компания өзүнүн ишмердигин токтотуп, баш тартуу кылышкан, ошол себептен бул имараттын фундаменти бир жыл мурун түптөлүп, көп убакыт каралбай калган. Ал эми азыр болсо жаңы компания менен иштешүүгө келишим түзүп ишти баштаганбыз. Жумушчулар тынымсыз иштеп жатышат. 1-ноябрга чейин курулуш ишин толугу менен бүтүп өткөрүп беребиз деп жатышат.
Катар кайрымдуулук фонду бөлгөн суммага айыл өкмөтү тарабынан 300миң сом кошумча каражат катары өздүк салым кошулмак, бирок айыл өкмөт дотациядагы айыл болгондуктан көрсөтүлгөн сумма келишимдик жол менен кошулбай калды. Демек, толук каржылоо аталган фондун эсебинен кетет.
Адеми Ишенбекова