Былтыркы жылга салыштырмалуу айыл тургундарынын ден соолугу быйыл жакшы. Олутту ооруулар менен катталгандар аз. Бирок кант диабети, кан басымы жогору болгон адамдар дагы деле каттоодо турат. Алардын көрсүткүчтөрү нормалдуу.
Гүлбара Жакебаева: «Быйыл мурунку жылдарга караганда айыл элинин ден соолугу жакшы. Мурдагы жылдары «covid-19″менен көп алыштык эле, эми быйыл бул илдет менен ооруп катталгандар болгон жок. Олуттуу оорулардан болсо кан басымы жогорулар көбөйүүдө, бул илдет менен ооругандардын жаштары жылдан-жылга жашарып да келе жатат, бул биздин бийик тоолуу аймакта жашагандыгыбыздан. Ошону менен катар кант диабетти илдети менен катталгандар көп. Булар дайым врачтын көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарыларын алып турушат. Жайында айыл тургундары өз еаалоолору менен ВИЧ СПИД илдетине анализ тапшырышты, андан сырткары жалпы анализден да өтүп келгендер бар. Каттоодо турган бейтаптарды ар дайым көзөмөлгө алып турабыз.Чакырып дарыларын убагы менен ичип жатышабы, ошолорду текшеребиз, кеңештерибизди айтабыз.
Көбүнчө кант диабети менен ооругандарды НИС программасы менен карап, салмактарын, бойлорун текшерип турабыз, булар бат өзгөрөт, ооруга бат чалдыгышат. Абалдары оор болсо райондук оорукана жөнөтөбүз», -дейт айылдык дарыгер.
Айыл тургуну Эркинбек Чекирбаев: «Быйыл ден-соолугум башка жылдарга салыштырмалуу жакшы. Азыркы учурда баары бир калыпта.Үй-бүлөлүк дарыгерге убагында көрүнүп турам. Үй бүлөмдү дагы сыркоолоп калганда убагында кайрылгыла деп көп кеңеш берем. Андан тышкары Covid-19 илдетине карата жайында вакцина алдым, бул өзүбүз үчүн жакшы деп ойлойм.»-дейт.
Азамат Райымбек уулу: «Ден-соолугум жакшы буюрса. Жайында бир аз сасык тумоолодум, ал жеңил эле өттү. Дарыларды тынымсыз ичип, тез сакайдым.
Менин толук айыгып чыгышыма 5күндөй кетти. Каражат көп деле кеткен жок, антибиотикалык өңдүү жеңил дарыларды ичтим. Жалпы каражат 1500сомдой кетти. Негизинен анда-санда дарыгерге көрүнүп турам»,-дейт.
Мухабат Идирисова көп жылдардан бери кант диабети менен ооруп, айылдык ооруканада каттоодо турат.
«Бул илдет абдан жаман, адамды алсыратат, тамакты иргеп жедирет, маанайыңды түшүрөт, айрым учурда ченемсиз көтөрүлүп кеткенде алапайымды таппай калам. Врачтын жазып берген дарыларын колдоном, шаардан да дарыланып келип турам. Бул илдет мындан 20жыл мурун башталган», -дейт.
Анжелика Сейиталиева, Хадижа Төлөбалдиева