Азыркы мезгилде көпчүлүк аялдардын ден-соолугу начар, ар кандай илдеттер менен жабыркашат. Эненин ден-соолугунун начардыгынан жаны төрөлгөн балдардын ден-соолугу жакшы болбой оорукчан, тубаса майып балдар төрөлүшөт. Ушулардын баарына азыркы кездеги ар кандай социалдык абал, жашоо шарттары жана стресстер кош бойлуу кездериндеги курсактагы балага түздөн-түз таасирин тийгизип келүүдө.
Сүрөттө: Тогуз-Торо ФМ радиосунда Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борборунун жетекчиси Дурия Сансызбаева маалымат берүүдө
«Көпчүлүк адамдар кош бойлуу кезинде ар кандай оор жумуштарды жасашат. Ал дагы курсактагы балага терс таасирин тийгизет. Учурда көпчүлүк аялдардын жатын инфекциясы менен көп жабыркашат. Жатын инфекциясы менен жабыркаган аялдардан төрөлгөн кээ бир балдар төрөлгөндөн кийин 2-3күндүн аралыгында кыйналып кайра жандандыруу палатасында да дарыланып, чыгууга туура келет. Баланын ден-соолугу чың болуп төрөлүшү үчүн энелер кош бойлуу мезгилинде өзүнө кам көрүшү керек. Витаминдүү тамактар менен азыктанышып, стресстен алысыраак болуп, көп капаланышпай өздөрүнүн курсактагы баланын ден-соолугуна өзгөчө маани берүү абзел».
Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн медайымы Гулбара Бектур кызы
«Эне кош бойлуу мезгилинде вирустук инфекциясы менен ооруса, айрыкча кош бойлуулуктун баштапкы ай мезгилинде (3 айлыгына чейин) балдар тубаса кемтик, жүрөк кемтиги менен төрөлүп калышы мүмкүн. Ошондуктан, кош бойлуу мезгилинде көп оорубаганга аракет кылып, ден-соолугуна кам көрүп, ооруну жуктуруп алуудан качуу керек.
Баланын ден-соолугунун чың төрөлүшү көпчүлүк мезгилде өзүбүзгө байланыштуу. Ошондуктан, урматтуу энелер ден-соолугу таза бала төрөлүшү үчүн түйүлдүк болгондон баштап, дарыгердин көзөмөлүндө болуп, дарыгердин айткандарын угуп, жазып берген дарыларын ичип турсаңыздар, ден-соолугу чың бала төрөлүшүнө шарт түзүлөт»,- дейт Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн медайымы Гулбара Бектур кызы билдирди.
Кош бойлуу жана жаңы төрөлгөн ымыркайларда кандай жеңилдиктер жана социалдык төлөмдөр бар деген суроо менен Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Дурия Сансызбаевага кайрылып көрдүк:
«Азыркы учурда кош бойлуу аялдар учетко турганда бекер турат. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин кароосунан бекер өтөт. Анализдердин бардыгынан бекер өтөт. Өкмөттүн №790 токтомунун негизинде. Биринчи тизме-бул социалдык жаткан жеңилдик. Ал эми экинчи тизме медициналык жактан жеңилдик. Социалдык жактан жеңилдиги барлар бул деген баатыр энелер, майыптар, балдар бардык жерден бекер алат.Ал эми кош бойлуу аялдар, өзүнүн диагнозу менен жатса бекер болот. Өзүнүн диагнозу эмес, башка бөлүмгө жатып кала турган болсо, башка жарандардай эле төлөйт. Эгерде кош бойлуулугу менен төрөт бөлүмүнө жатып кала турган болсо бекер болот.
Төрөгөндөн 10 айга чейин аял, медициналык жардам ала алат. Ал эми ымыркай балдар 5жашка чейин кепилдик программасынын негизинде бекер медициналык жардам ала алат».
Анара Мааметова