Тандалган үй-бүлөлөргө акчалай сертификаттарды райондук администрация башчысы аким Мирлан Карагулов, орун басары Гулжамал Султангазиева, Социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Темирбек Арун уулу, Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы Рыскулбек Секелеңов, социалдык адистер катышып, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп жаткандыгын белгилешти.
Толугураак, аудиосюжеттен угуңуз:
Сертификатты тапшырууда Тогуз- Торо райондук администрация башчысы аким Мирлан Карагулов өлкө тарабынан көрүлүп жаткан колдоолор, алыскы айылдар үчүн жакшы мүмкүнчүлук, эң негизгиси туура колдонуу керектигин баса белгилеп өттү:
«Бул долбоор Министрлер Кабинетинин социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү жөнүндө токтому менен ишке ашып жатат. Мында үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн активдүү аракеттерге үндөп, финансылык көз карандысыздыкка жетишүүсүнө көмөк көрсөтүп, жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүүнү көздөйт. Акимдин орун басары Гулжамал Султангазиева “Социалдык контракт” долбоорунунун катышуучуларына 100 миң сомдук сертификаттарын тапшырып жатып, ыраазычылыгын билдирип, ийгилик каалады.
Ошондой эле чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү багытын камтыйт.
Долбоор 3 жыл мөө нөткө эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы керек.Ар түрдүү кеңештерди берүү, окутуу жолдору менен ишкер болуп кетүүсүнө көмөкчү болобуз»,- дейт Социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова.
Каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачууга каралат. 100 миң сомдук сертификат алып жаткан айрым үй-бүлөлөр, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип кетишти.
Анара Мааметова