Ак-Талаа районундук билим берүү бөлүмүндө 23- сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата бир айлык өнөктүк жарыяланган. Анын алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.
РБББнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана башка жогорку органдардын КРнын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата атайын кабыл алынган иш-чаралардын бир айлык өнөктүгү жарыяланган.
Каныбек Эсеналиев РБББнүн башчысы
РБББнүн кесиптик уюмунун төрагасы Мирбек Сатындиев
Мээрим Бектурова-РБББнүн эсепчиси
“Ошол өнөктүктүн алкагында билим берүү бөлумүнүн окуу усулдук кабинети тарабынан кызматкерлер арасында көркөм окуу сынагы өттү. Ага мекемедеги бардык кызматкерлер катышты. Окуу чеберчилиги, сөздөргө туура басым жасоо, интонация, так окуу сыяктуу эрежелерге көңүл бурдук. Кыргыз тилин сактоо, таза жана так сүйлөө, аны кийинки муунга өткөрүү милдет. Биздин тилде “Манас” эпосу айтылган, Саякбай, Сагымбай өңдүү залкарлар сүйлөгөн касиеттүү тил, Чынгыз Айтматовду дүйнөгө тааныткан не бир сонун чыгармаларды жараткан көркөм тил” деди.
Мыкты көркөм окуган кызматкерлерге белектер тапшырылды
Сынактын жыйынтыгы боюнча Дамира Тайчаева , Динара Исаманбетова, Гулбарчын Сыдыгалиева, Динара Айдакеева, Гүлмайрам Нурманбетованын көркөм окуулары мыкты деп бааланып, белектер менен сыйланды.
Барчын Мамытбекова