Соң-Көл айыл өкмөтүнүн карамагындагы мекемелерге экинчи каттам менен толукталып көмүр келип түштү. Жалпы көмүрдүн келгени ар бир мекемеге көзөмөл менен жеткирилип түшүрүлдү.
«Фаризат» бала бакчасы кышында толугу менен көмур менен жылытылат. Электр энергиясы колдонулбагандыктан бул мекемеге көмүр көп кетет. Бала бакчанын директору Нурзат Исмаилованын айтымында:
«Бала бакчанын от казандары кышкыга даяр. Аладын баары жайында акталып, сырдалган. От жагууда эч кандай маселе болбойт, жалпы бала бакчага 18 тонна көмүр түштү. Аны жыйнап иреттеп алдык. Бул көрсөтүлгөн сан кышкыга кенен жетет», -дейт.
«Бул көмүр айыл өкмөтү тарабынан каржыланат. Соң-Көл орто мектебине 17 тонно көмүп келип түштү. Биздин мектеп эки корпустан тургандыктан биринчи корпус электр энергиясы менен жылытылат, ал эми экинчи корпус толугу менен от менен жылыйт. От жагуу учуру келгенде атайын жумушчу алынат, ал алты ай иштейт. От казандар жайкы ремонт учурунда толугу менен кышкыга даярдалган. Болгону бул түшүрүлгөн көмүрдү кампага жыйноо керек. Бул көмүр экинчи каттам менен келди, мурун биринчи каттамы келген»,-дейт Соң-Көл орто мектебинин чарба иштери боюнча директордун орун басары Арстанбек Бакиров.
Алгач келген көмүр Соң-Көл айыл өкмөтүнө түшүрүлүп, андан соң мектепке, бала бакчага түшкөн. Учурда көмүргө болгон суроо-талап жок.
Элина Амангулова Алтынай Бакытбекова