Төлөк айылы райондун борборунан 60км алыстыкта жайгашкан. Климаты катаал, бийик тоолу айыл. Айыл тургундары дээрлик дыйканчылык менен алектенишпейт. Бирок аракет кылса болот.
Төлөк айылынын тургуну Нурдана Корголдоева жаз айларында үйүнүн айланасына кооз гүлдөрдү отургузуп жатып, помидор айдап көрүүнү чечкен. Быйыл байкоо жүргүзүп, жыйынтыгы жакшы болсо келээрки жылы көбөйтүп алам деген. Помидордун көчөттөрүн райондон алып келип чакан идиштерге отургузган. Алгачкы 2 айда көчөттөр бир аз гана чоңойгон.
«Быйылкы помидорлор жалпы 4кг чукул түшүм берет. Аларды багуу өтө оор болгон. Себеби айылда аба ырайы бат өзгөрүп, бирде ысып кетсе сүйүнүп, бирде суук болуп, жаан жааса аны корголоп, көп түйшүктөндүм. Негизи помидордун түшүм байлашы аябай кеч болду»-дейт Нурдана Корголдоева.
Эмгектенип дыйканчылык кылса болоорун, бирок көп мээнет кетерин айтат. «Бизде жаз эрте келсе помидорду жылуу жерге атайын парник кылып өстүрсө болот, күзүндө бир аз болсо табыгый витамин болот экен»- дейт түшүмүнө сүйүнгөн эже.
Буюрса келээрки жылы чакан парник кылып помидорлорду көбөйтөм турган чагы.
Хадижа Төлөбалдиева