23-сентябрда Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара окуучулардын мамлекеттик тилге болгон сүйүүсүн арттырып, улуттук нарк-дөөлөттү урматтоого чакырды.
Ак-Талаа районундук билим берүү бөлүмүндө 23- сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата бир айлык өнөктүк жарыяланган. Анын алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Мындан 32 жыл мурун 23-сентябрда Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган кезден бери бул күн мамлекеттик деңгээлде белгиленип келет. Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы бала бакчада дагы кыргыз тили даңазаланып, кичинекей …