Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган, жардамга муктаж карылар жана майыптыгы боюнча ар кандай категориядагы 24 жаран бар. Булар менен айыл аймактын эки жана райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын бир адиси иш алып барат. Социалдык адис Айпери Рысбекованын айтымында жумасына эки ирет кары адамдардын абалынан кабар алып турушат.
Тобокел Ташматов ата 67 жашта. Байбичеси Касманбетова Токон апа экөө неберелери менен бирге турушат.
“Доктурлар ар дайым келип турушат. Жакында эле кайрымдуулук фонддон келишип, азык-түлүктөн жардам берип кетишти. Абышкам операция болуп келген. Жакын арада кайра текшерүүгө барабыз. Азыр эми ден-соолугу шүгүр. Абышкамдын 8миң, менин 2миң пенсиям менен оокат кылып жатабыз. Былтыр оору күчөп жаткан учурда бет кап, антисептик беришкен”,- дейт.
Ал эми Асыл Эркинбекова(соц.адис): “Ар бирибиз 8ден кары адамдарды карайбыз. Ооруп жаткан болсо доктурга алып келебиз. Кээде өзүбүздө болгондо айран-сүт ала келебиз. Жалгыз жашаган апаларды кээде мончого алып барып, жуунтуп, кайра жеткирип коебуз” дейт.
Баетов айылынын 70 жаштагы тургуну Анипа Бейшеналиева уулу жана небереси менен турат.
“Оң жак тарабыман инсульт алып, кыймылым бир аз оорурак болуп калды. Доктурлар көптөн бери келе элек. Чакырсаң деле келбей калды же бошобой жатышабы билбейм. Кыздар (соц адистерди айтат) келгенде бир аз кобурашып жыргап калам. Ар кандай жардамдар келип жатат. Андан өксү болгон жокпуз. Ушу оорудан эле эли-журтубуз аман эсен арылып кетсе болду эле”,- деген тилегин айтып, батасын берди.
“Карамагыбыздагы адамдарга мүмкүн болушунча эртең менен барганга аракет кылабыз. Эртең менен барып, кобурашып, кээде чай кайнатып берип, чогуу чай ичебиз. Анткени бизди күтүшөт. Маанайлары ачылып, өздөрүн жакшы сезип калышат. Кем-карчы болсо өкмөткө билдирип турабыз”,- деген Айпери Рысбекова ар кандай документтерин калыбына келтирүүгө же тиешелүү органдардан алып берүүгө дагы жардамдашарын кошумчалады.
COVID-19: Оорудан сактанып учурашпай да калдык
Барчын Мамытбекова