Аялдар коомдо зор күч жана алар ар убак коомго алдыңкы идеялары менен өзгөртүүлөрдү алып келишет. Дайыма өзүн өстүрүү, билим алуунун аракетинде болуп, мүмкүнчүлүктөрдү издеген айымдар жок эмес. Махабат Чодонова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну, социалдык келишимдин негизинде каражат алып, учурда кийим тигүү менен алектенет. Айтымында даяр үлгүлөрдү (крой) алып эле тикпестен, технологдордон сабак алып, өз алдынча иштөөнү максат кылат. Бирок бул дагы жетишсиз дейт.
“Айыл жериндеги аялдар үчүн окутуулар аз. Окуунун арты менен ишкерлик кылып, алдыга жылуу боюнча маалыматтар жокко эсе. Аялдарда алып кете аламбы деген коркуу сезими дагы бар. Келиндердин башын бириктирип, ишкерлик кылууга үндөп, иш алып барса башкаларга дагы мотивация болот эле. Таргет, онлайн ишкерлик, баэрлик боюнча окутуулар уюштурулса, өзүбүздүн продукцияны интернет аркылуу сатканды үйрөнсөк, баасы арзаныраак болсо жакшы болот эле”, дейт Махабат Чордонова.
Аялдар үчүн жер-жерлерде окутуу, өзүн-өзү өнүктүрүү программалары жетишсиз. Айымдар үчүн клубдар, фитнес борборлор жок. Изилдөөчү жана гендердик эксперт Нурзада Садырбекова лидер айымдар менен иш алып барат. Ал өз изилдөөлөрүнө таянып, аялдар ар кандай стереотиптерге карабастан өз көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып, аялдар кеңештерин түзүп, саясий-социалдык ишмердүүлүккө аттанып жатышканын айтат.
Нурзада Садырбекова гендердик эксперт жана изилдөөчү
“Аймактардагы аялдар ар кандай уюмдар тарабынан уюштурулган тренингдерге аябай катышат. Алардын айтымында үй жумуштарына үлгүрбөгөн аялдар сырткы саясий кадам жасоого, коомдук ишмердүүлүккө аттанбайт. Биздин байкашыбызча саясий кыймыл-аракетке 50жаштан ашкан аялдар катышат. Жаштар көп убакта балдары кичине болгондуктан жана кайындары жактан колдоо көрбөгөн жаш келиндер саясатка аралаша албайт калат»
Бирок Баетов айылынын Аялдар кеңешинин орун басары болуп бир нече жыл иштеген Айнура Султанмуратова аялдардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деген ойдо.
“Чындыгында айыл жергесинде аялдардын өзүн өзү өстүрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Окутуулар, тренингдер өтүлөт, бирок ага катышсак үй оокат калат, эл эмне дейт, ким тамак жасайт өңдүү көз караштардан улам көпчүлүк айымдар катыша алышпайт. Демек эски көз караш дагы таасир этет”
Айыл жергесинде аялдар менен көпчүлүк учурда аялдар кеңеши, жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөр иш алып барышат. Алар менен биргеликте жолугушуулар, ар кандай иш-чаралар уюштурулуп турат. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова маданий иш-чаралар менен бирге эле аялдар өздөрүн, ишкерлигин өнүктүрүү максатында ар кыл багыттагы тренингдерге катышып жатканын айтты.
Кенже Карагулова-акимдин орун басары
“Нарын облусу боюнча долбоор жазуу багытында он жети айым окуудан өтүп келди. Менимче ал окуунун жемишин көрөбүз деп ойлоп жатабыз. Ошондой эле социалдык контракт менен жардам алган тигүүчүлөрдү жана аялдар кеңешин чогултуп, топ түзүп, долбоор жазуу жана тигүүчүлүк боюнча окутууларды уюштуралы деп жатабыз”
Жеке эле айыл жеринде эмес, деги эле кыздарга, жаш келиндерге өзүн-өзү мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, лидерлик сапаттарын өстүрүү үчүн моралдык колдоо абдан маанилүү. Ошол себептүү күнүмдүк тиричилик же ар түрдүү терс көз караштарды таңуулабастан алардын ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүүгө салым кошолу.
Барчын Мамытбекова