27- март күнү Кочкор айылындагы «Сейил» паркында «Демилгелүү жаштар» тарабынан уюштурулган иш- чарага айыл өкмөт жамааты, Кочкор райондук аялдар кеңеши «Кыргыз туризм» компаниясынын мүчөлөрү жана активдүү Кочкор районунун айылдарынын жарандарынын жардамы менен тазалоо көрктөндүрүү иш чарасынын биринчи этаптын башталышы болду.
Иш чаранын катышуучулары
«Демилгелүү жаштар» КФ мүчөсү Нурбек Абдыгазиев
Эң алгачкы сөздү бүгүнкү иш- чаранын уюштуруучуларынын бири Кочкор айылынын тургуну Нурбек Абдыгазиевге бердик :
«Саламатсыздарбы, өзүм Кочкор айылынын кулунумун, ошондуктан өзүмдүн кичи мекенимдин өсүшүнө жана өркүндөшүнө көп салымыбызды кошкубуз келген жаштарданбыз. Эң негизгиси бул «Сейил» эс алуучу жайыбыздын өнүгүшүнө жана көрктөнүшүнө кайдыгер карабаган жаштарды уюштуруп, бүгүнкү иш- чараны баштадык. Ага районубуздун жигердүү адамдарын, коомдорду жана жөнөкөй адамдарды чакырдык. Бүгүнкү ишти пландаштырып ишке ашарына көзүбүз жеткенде, соц тармактарга чакыруу кылдык. Ойлогон эмесмин ушунча патриот адамдар чогулат деп. Кудайга шүгүр эл көп чогулуп иш- чарабыз шаңдуу өтүп жатат. Бугун тазалоо иштерин баштадык, алдыда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери турат. Бул отургучтарды орнотуу жана парктын ичин жарыктандыруу».
Кочкор айылынын айыл башчысы Мирлан Исраилов
«Кыргыз туризм» компаниясынан таштанды челектер
Кочкор айылынын айыл башчысы Мирлан Исраилов элге чакырык менен кайрылды.
«Бүгүнкү иш- чараны уюштуруп демилге көтөрүп жаткан үчүн жаштарга ыраазычылык билдирип кетели. Ошону менен ар бир жаран жаратылышыбызга өз салымын кошсо жана отурузулган жаш көчөттөрдү көздүн карегиндей сактаса, таштанды ыргытпай, көз карашын өзгөртүп, айлана чөйрөнү коргоп болгон күчүн жумшаса сонун жыйынтык чыкмак дейм.
Бүгүнкү иш- чарага активдүлүгүн көрсөтүү менен биздин паркка таштанды челектерди белеке алып келген үчүн «Кыргыз туризм» компаниясынын командасына айыл өкмөтүнөн ыраазычылык кат тапшырып бердик. Ишинерге ийгилик каалайбыз».
Кочкор айылынын тургуну Бугалча Нишанова
Кочкор айылынын тургуну, көптөгөн экологиялык демилгелердин, Кочкор районунун туристтик компаниянын негиздөөчүлөрдүн бири «Кыргыз туризм» компаниясынын мүчөсү Бугалча Нишанова өзүнүн кубанычы менен бөлүшүп кетти.
«Бул иш-чара болуп атканына абдан кубанып жатам, Кочкор районунун жаштарынын аракеттери чоң десем жаңылышпайм. Эл көп чогулуп шаңдуу колдоо көрсөтүп жатат. Ушундай иш- чаралар көп болуп турсун, биздин компания өзүнүн салымын кошуп турат деп сөз берем. Анткени биздин айылга келген коноктор, балдарыбыз үчүн ынгайлуу шарттарды түзүп бериш биздин колубузда.
Канайым Мирланова